Матраимовдор «Клооп», «Азаттык» жана Али Токтакуновго койгон доосунан баш тартты

Бир тууган Искендер жана Райымбек Матраимовдор, алардын аялдары Миновар Жумаева жана Уулкан Тургунова башында турган Матраимовдордун кланы, анын ичинде Ысмайыл Матраимов атындагы фонд Свердлов райсотуна иликтөөчү-журналисттерге койгон доосунан баш тартып жатышканы тууралуу билдирүү жөнөтүштү.

Документке ылайык, доогер тарап иликтөөчү-журналист Али Токтакунов, «Азаттык» радиосу жана «Клооптун» — бажыдагы коррупция жана аткезчилик жөнүндөгү журналисттик иликтөөнүн авторлорунун үстүнөн жазган арызын артка чакыртып алган.

«Белгилеп кетүүчү жагдай, учурда Райымбек Матраимовду КР Жазык кодексинин 319-беренеси менен айыптоо боюнча Биринчи май райсотунун 2021-жылдын 11-февралындагы өкүмү күчүнө кирген [...]», — деп жазылган билдирүүдө.

2021-жылдын февралында Райымбек Матраимов коррупция боюнча күнөөлүү деп табылган, бирок ал тергөө менен кызматташкандыктан эркинен ажыратылган эмес. Сот Матраимов мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн атайын эсепке 2 млрд сом — 1,4 млрд сому акчалай, 600 млн сому кыймылсыз мүлк түрүндө төгүп бергендиктен ага 260 миң сом айып салып, андан соң эсептерин камактан чыгарып боштондукка коё берген.

Өкүм алдындагы базарлык. Матраимов өкмөткө эски батирлерди өткөрүп, өз мүлкүн сактап калдыбы?

Ошондой эле, доогерлер журналисттердин Райымбек Матраимовдун мыйзамсыз байыгандыгы тууралуу иликтөөсүндө көрсөтүлгөн фактылардын «жалган экенин далилдөө муктаждыгы жоголгонун» айтышат. А мунун баары УКМК бажы башчысынын экс-орун басары коррупцияга аралашканын мойнуна алганына карабай, ага карата мыйзамсыз баюу боюнча кылмыш ишин, чет өлкөлөрдөн ага тиешелүү мүлтөрдү «таппай койгонуна» байланыштуу кыскарткандан улам болду.

«Бул иш боюнча чыгарылган чечим Матраимовдун Кыргызстандан 700 млн [долларды] чыгарып кетүүгө аралашкан деген фактыны толугу менен төгүндөйт. УКМК иликтөөсүнүн жыйынтыктары (...) коомчулукка жеткирилди. Буга байланыштуу, журналисттик иликтөөлөрдө көрсөтүлгөн жагдайлардын ойдон токулганын жана жалгандыгын өзүнчө тартипте далилдөө муктаждыгы жоголду», — деп айтылат билдирүүдө.

Каттын сүрөтү

Аны менен бирге, журналисттик иликтөөлөрдө Матраимовдун үй-бүлөсүнүн Дубайда кымбат баалуу мүлктөрү, ал тургай ЕАЭБга Кыргызстан аркылуу аткезчилик жол менен товар өткөрүүнү көзөмөлдөгөн Абдукадырдын кланы менен биргелешкен бизнеси дагы бар экенинин далилдери бар. (Дубайдагы өнөктөштүк. Матраимовдор менен Абдукадырдын үй-бүлөлөрүнүн байланышы).

Доогерлер 27-апрелге дайындалган сот отурумунда өз билдирүүсүн колдошу керек, ошондо соттук териштирүү кыскартылат.

Матраимовдордун ЖМКларга каршы соту

Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсү менен журналисттердин ортосундагы соттук териштирүүлөр 2019-жылдын декабрь айынан бери жүрүүдө. Ошондо, экс-бажычынын жакындары «Клооп» басылмасын, «Азаттык» радиосун жана журналист Али Токтакуновду намыска шек келтирди деп айыптап, алардан жалпы суммасы 45 млн сом кенемте төлөнүшүн талап кылган.

Журналисттер мурдагы бажычы жана анын үй-бүлөсүнүн коррупциялык схемаларга катыштыгы болгонун далилдеген иликтөөлөр топтомун жарыялагандан кийин Матраимовдор сотко кайрылышкан.

Матраимовдор кланынын мүчөлөрү иликтөөчү журналисттердин аты-жөнүн ачыкка чыгарууну жана иликтөөдөн үй-бүлөнүн эскерилишин өчүрүүнү талап кылышкан. Ошол эле учурда, соттук териштирүүлөр башталгандан бери бул боюнча бир да отурум өткөрүлгөн эмес.

Бул шилтеме боюнча өткөндө, сиз Матраимовдор маалыматтын жайылтылышын чектегиси келген бардык аракеттери менен тааныша аласыз.

Райымбек Матраимов деген ким?

Райымбек Матраимов эки жылдан ашык — 2015-жылдан 2017-жылга чейин — кыргыз бажысынын төрагасынын орун басары болгон. Бирок ал бажы түзүмдөрүндө ал 10 жылдан ашык иштеген. Бул аралыкта ал кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын көмүскө кланы менен бирге коррупциялык схеманы жолго койгон.

Абдукардын үй-бүлө кланы Кытайдан Кыргызстанга, андан ары Борбор Азия өлкөлөрүнө мыйзамсыз жүк ташып жаткан чакта Матраимов бул схеманын бузулбай иштешине жардам берип, бул үчүн үй-бүлөсүнүн кайрымдуулук фондунун эсебине «кайыр садага» алып турган. Журналисттер бул схема аркылуу Кыргызстандан 700 млн АКШ доллары чыгарылып кеткенин далилдешкен.

Матраимов жана анын туугандары коррупциялык схемалардын арты менен канча акча табышканы эмдигиче так белгилүү эмес. Бирок анын үй-бүлөсүнүн күтүүсүз (жана мыйзамсыз) байыганы айдан ачык билинген. Мисалы, журналисттер Кыргызстандын аймагында да, чет өлкөлөрдө да Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык кымбат мүлктөрдү табышкан. АКШда Матраимов менен анын жубайы «Магнитский тизмесине» киргизилген.

15-апрелде Матраимовго карата кылмыш иши кыскартылганы белгилүү болгондон кийин АКШнын элчилиги «бул көңүл калтырарлык иш» экенин белгилеп, Матраимовдун активдери «тоңдурулат» деп убада берген.

«Америка Кошмо Штаттары Матраимовдун кылмыштуу мүлкүн чет өлкөдө тоңдуруп, кыргыз элине кайтарып берүү аракеттерин улантууда», — деп билдирген элчилик. Буга Матраимовдун тарапташы Дайырбек Орунбеков АКШнын элчиси Доналд Луга карата кандайдыр бир «чара» көрүлүшү керек деп жооп берген.

Матраимов жөнүндө иликтөөлөр:

«Супер эс алуу!» Бажычынын байманасы ашып-ташыган жашоосу

Дубайдагы өнөктөштүк. Матраимовдор менен Абдукадырдын үй-бүлөлөрүнүн байланышы

Матраимовдун бажы империясы

Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар