Ошто шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинг өттү

Ош шаарында шайлоонун жыйынтыгына каршы өткөн митинг. Сүрөт: Хамидулло Узаков / Kloop.kg

Ош шаарынын борбордук аянтында 22-апрелде шайлоонун жыйынтыгына каршы митинг өттү. Ага алты партиянын өкүлдөрү катышып, шайлоо мыйзам бузуулар менен өткөнүн билдиришти.

«Бүтүн Кыргызстан», «Улуттар Биримдиги», «Бир Бол», «Улуу Журт», «Республика» жана шайлоого катышпаган «Тилектештик» партиясынын өкүлдөрү шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну, жаңы шайлоо дайындоону жана АШКнын курамын жаңылоону талап кылышты.

«Улуу Журт» партиясынан талапкер болгон Мирлан Орозбаев Аймактык шайлоо комиссиясы «мыйзам бузууларга көз жумуп, фактыларды көз жаздымда калтырды» деп нааразы болду.

«Кечеки күнгө чейин АШКнын жыйынтыгын күттүк. Күткөндө да үмүт кылат экенсиң. Президентке, ошонун айланасындагыларга Ош шаарындагы туура эмес, мыйзам бузуулар менен өткөн шайлоо, ошолорго жетип, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарат деген үмүт менен күтүп жаттык. Бирок АШК мыйзам бузуу боюнча эч кандай факты жок, эскертүү бердик дешти», — деди Орозбаев.

Акциянын дагы бир катышуучусу «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» чапанын алмаштырып, «Ата-Журт Кыргызстан» болуп шайлоого катышты деген оюн айтты.

«Садыр Жапаровго үмүттөр чоң эле. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова тарыхта болуп көрбөгөндөй ыплас шайлоого кандайдыр бир реакция кылбагандыгын түбүндө эмне жатат деген ой адамды кыйнайт да. Себеби биз аралашып жүрдүк, билдик, колубуз менен кармап көрдүк. Чексиз ыплас шайлоо болду. Мындай шайлоо Атамбаевдин, Жээнбековдун тушунда болгон эмес. Кантип чыдап отуруп, реакция кылбай отурасыңар? 6-октябрда эл эмне үчүн чыкты эле? Үмүт деген балабызды эмне үчүн жоготтук?» — деп суроо салды ал.

Буга чейин «Клооптун» журналисттери жана журналист Дастан Үмөтбай уулу Ош шаардык кеңешине катышкан тогуз партиянын талапкерлерин анализдеген. Анын жыйынтыгында, эң көп мамлекеттик кызматкерлер жана «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партияларынан талапкер болушкандар «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен шайлоого катышканын аныктаган.

Макала менен толук таанышуу: Ош: Мамкызматкерлер жана «Биримдик» менен байланышы барларды жыйнаган «Ата-Журт Кыргызстан»

Тынчтык митингине 100дөй киши катышты. Митингчилер акция уланарын айтышты.

Ушул эле күнү «Улуттар Биримдиги» партиясынын талапкерлери маалымат жыйын курду. Алар да Ош шаардык мэриясы мыйзам бузууларды токтотуунун ордуна өздөрү түздөн-түз катышты деп билдиришти. Мындан улам алар эски бийликтин «калтыктары жаңы бийликтин көңүлүп таап алган деген» ойду айтышты.

«Биз Садыр Жапаров президент болгондо чоң үмүт менен күткөнбүз. Ал мындан ары бардык шайлоо мыйзам чегинде өтөт деп атасынын, апасынын жана баласынын арбагынын астында сөз берген. Биз ага ишенгенбиз, дагы да ишенип келебиз. Шайлоо мыйзамсыз өткөндүгүн баары билет. Биз президенттен талабыбызды мыйзамдуу чечип берүүсүн күтүп турабыз. Эгер чечип бербесе тынчтык митингине чыгабыз», — деп билдирди партиянын өкүлдөрүнүн бири.

Ошондой эле алар жаңы түзүлгөн партиялардын шайлоого биринчи жолу катышып көп добуш алышканына таң калышууда. Партия өкүлдөрү шайлоодо балдардын келечеги 1000 сомдон же бир тооктун баасына сатылганын айтып, мындан ары добуш сатпоого чакырышты.

«Партияларды шайлоодон четтетүүгө олуттуу кемчиликтер болгон жок»

Ош шаарынын АШКсына жалпысынан 105 даттануулар түшкөнү белгилүү болду — анын 27си саясий партиялардан, 68и коомдук уюмдардан жан 10у жеке адамдардан.

Комиссия шайлоого чейинки жана анын жүрүшүндөгү мыйзам бузууларды карап, анын натыйжасында бир нече участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө эскертүүлөр берилди. Ошондой эле эки талапкер шайлоодон четтетилди, алар Оштун вице-мэри Жасур Азимов менен Саламаттык сактоо жана соцөнүктүрүү министрлигинин Оштогу координатору Шаятбек Абдурахманов.

Мында сырткары АШКнын мүчөлөрү «Ата-Жур Кыргызстан» партиясынын эки талапкерине — Болотбек Баетов жана Чыңгызтөрө Жолонов — эскертүү берди.

Ал эми Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын жумушчу тобунун башчысы Рысбек Нурдинов партияларды шайлоодон четтеттүү үчүн «олуттуу кемчиликтер» болбогонун айтты.

Ош шаардык кеңеште жалпысынан 45 мандат каралган. Шайлоонун расмий жыйынтыгына ылайык, төрт партия 7%дык шайлоо босогосунан өттү. Алар «Ата-Журт Кыргызстан» (27 мандат), «Улуттар Биримдиги» (10 мандат), «Ыйман Нуру» (4 мандат) жана «Ынтымак» (4 мандат).

Тема боюнча:

Мандатка илешпеген Оштун вице-мэри жана ССМдин координатору шайлоодон четтеттилди

Шайлоо-2021. Шаардык кеңештерди шайлоонун жыйынтыгы

Ош: Мамкызматкерлер жана «Биримдик» менен байланышы барларды жыйнаган «Ата-Журт Кыргызстан»

«Тажадык!» Ошто беш партия «Ата-Журт Кыргызстанды» админресурс колдонууга айыптады