Мандатка илешпеген Оштун вице-мэри жана ССМдин координатору шайлоодон четтеттилди

Ош шаардык аймактын шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү 21-апрелде жыйын өткөрүштү. Анда Ош шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгын таануу жана арыздарды кароо маселеси каралды.

Жыйында Ош шаарынын АШКсына жалпысынан 105 даттануулар түшкөнү белгилүү болду — анын 27си саясий партиялардан, 68и коомдук уюмдардан жан 10у жеке адамдардан.

Азимов менен Абдурахманов шайлоодон четтетилди

Жасур Азимов / Шаятбек Абдурахманов

Комиссия шайлоого чейинки жана анын жүрүшүндөгү мыйзам бузууларды карап, анын натыйжасында бир нече участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө эскертүүлөр берилди. Ошондой эле эки талапкер шайлоодон четтетилди, алар Оштун вице-мэри Жасур Азимов менен Саламаттык сактоо жана соцөнүктүрүү министрлигинин Оштогу координатору Шаятбек Абдурахманов.

«“Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынын талапкери Жасур Азимовдун талапкерлигин алуу маселеси коюлуп жатат. Интернет байланыштардан окудуңар, арыздар бар. Четтеттүү боюнча башка сунуштар барбы же жокпу? Анда Жасур Азимов “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиянын талапкерлеринин катарынан чыгарылсын деген комиссиянын мүчөлөрү колдоп берип коёсуңарбы», — деди АШКнын төрагасы.

Аймактык шайлоо комиссиянын мүчөлөрү бул сунушту бир добуштан колдоп беришти. Бирок вице-мэр так кайсы мыйзам бузганы үчүн шайлоодон четтетилгени айтылган жок. Азимов «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын тизмесин №47 катар санда турган, ал эми партия Ош шаардык кеңеште жалпысынан 27 мандатка ээ болду. Бул деген Азимовго ансыз деле мандат жетмек эмес.

*Буга чейин Ош шаардык кеңешке аттанган беш партия басма сөз жыйын өткөрүп, «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы админресурс колдонуп жатканына даттанышкан. Жыйындын жүрүшүндө аталган партия мыйзам бузду деген төрт видео көрсөтүлгөн — анын биринде белгисиз аялдар тургундарга азык-түлүк таратып, Оштун вице-мэри Жасур Азимовдун атын аташкан. Ал эми Боршайкомдун ыкчам чара көрүүчү координациялык тобу Азимов «добуш сатып алган» фактысы боюнча текшерүүнү баштаган.

Ал эми Шаятбек Абдурахмановдун четтеттилишине шайлоо өнөктүгү учурунда президент менен жолугушуп, Өзбекстандан келген тез жардам унааларын тапшыруу аземине катышканы негиз болгон. Абдурахманов Ош шаардык кеңешке өтпөй калган «Ишеним» партиясы менен аттанган.

Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Өзбекстан 13-мартта Ош шаарына 20 «тез жардам» унаасын тартуулаган. Унааларды кабыл алуу иш-чарасында Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Бактыбек Алайчиев жана Шаятбек Абдурахманов катышкан.

Баетов менен Жолоновго эскертүү берилди

Мында сырткары АШКнын мүчөлөрү «Ата-Жур Кыргызстан» партиясынын эки талапкерине — Болотбек Баетов жана Чыңгызтөрө Жолонов — эскертүү берди. Шайлоо күнү байкоочулар Баетов №5279 шайлоо участкасында кирип жүргөнүн аныктаган.

*Буга чейин, 5-апрелде, Ош шаарынын тургуну Болотбек Баевтов аны коркутуп, «Ата-Журт Кыргызстан» партиясына иштөөгө мажбурлаганын билдирген. Баетов бул айыптоолорду четке какты.

Ал эми Жолонов 10-апрелдеги көчмө добуш берүүдө шайлоочуларды өзүнүн унаасында ташып жүргөнү аныкталды. Комиссия бул көчмө добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.

«“Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынан “Жолонов Чыңгыз деген унаасы менен шайлоочуларды ташып жүрөт” дегенде ага эскертүү жибердик. Комиссиянын мүчөлөрүнө дагы эскертүү чыгардык. Ошол унаасы менен ташыганы үчүн көчмө добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгардык — 31 адамдын добушу жокко чыгып келет», — деди АШКнын төрагасы.

«Партиянын аракетине баа берилиши керек»

Жыйынга саясий партиялардын өкүлдөрү да катышты. Алар талапкерлерге эскертүү берип же аларды шайлоодон четтеттүүнүн ордуна партияга чара көрүү керектигин айтышты.

«Урматтуу төрага, бул жерде ошол талапкерлер талапкер катары өзүнүн жеке атынан аракет кылып жаткан жери жок да. Талапкер партиянын атынан аракет кылып жатат. Ал жерде жеке талапкерге добуш берген жок да, добушту шайлоочулар партияга берип жатат. Алар партиянын атынан аракет кылып жатышат. Бул жерде жеке адамдын аракетинен эмес, партиянын аракетине баа берилиши керек», — деди партиялардын биринин өкүлү.

Ал эми Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын жумушчу тобунун башчысы Рысбек Нурдинов партияларды шайлоодон четтеттүү үчүн «олуттуу кемчиликтер» болбогонун айтты.

«Партиянын үстүнөн эң олуттуу кемчилдиктерди көрсөтүп, далилдеген фактылар болбогону үчүн биз бир дагы партияны шайлоодон четтетүүгө акыбыз жок — себеби далилдер жок. Ал эми талапкерлердин кылган иштери боюнча жоопторду уктуңар, эмне себептен талапкерликтен чыгып кеткенин. Бир талапкердин кылганы үчүн бир партияны жокко чыгара албайбыз», — деди Нурдинов.

Ош шаардык кеңеште жалпысынан 45 мандат каралган. Шайлоонун расмий жыйынтыгына ылайык, төрт партия 7%дык шайлоо босогосунан өттү. Алар «Ата-Журт Кыргызстан» (27 мандат), «Улуттар Биримдиги» (10 мандат), «Ыйман Нуру» (4 мандат) жана «Ынтымак» (4 мандат).

ТЕМА БОЮНЧА:

Шайлоо-2021. Шаардык кеңештерди шайлоонун жыйынтыгы

Ош: Мамкызматкерлер жана «Биримдик» менен байланышы барларды жыйнаган «Ата-Журт Кыргызстан»

«Тажадык!» Ошто беш партия «Ата-Журт Кыргызстанды» админресурс колдонууга айыптады