«Тажадык!» Ошто беш партия «Ата-Журт Кыргызстанды» админресурс колдонууга айыптады

Сүрөт: T-Media басылмасынын түз эфиринен скриншот жасалды

Ош шаардык кеңешине аттанып жаткан беш партия 31-мартта маалымат жыйын курушту. Анда алар «Ата-Журт Кыргызстан» партиясын админресурска жана добуш сатып алууга айыптап, аларга карата чара көрүлбөй жатканына нараазы болушту.

«Бүтүн Кыргызстан», «Улуу журт», «Бир Бол», «Республика» жана «Улуттар Биримдиги» партияларынын өкүлдөрү «мурдагы шайлоолордой эле мыйзам бузуулар» катталып жатат деп айтышты.


«Баягы эле добуш сатып алуу болуп жатат. Баягы эле бийлик өкүлдөрү аралашып, ачык-айкын эле элди үгүттөп жүрүшөт. Ачык-айкын эле жерлерге шагыл төгүлүп, бир жумуштарын кылып берип жатышат. Убадаларды берип жатышат. Бул мыйзамга каршы келген аракеттер», — деди «Бүтүн Кыргызстандын» өкүлү.


Партиялар келтирген далилдер

Партиялар жыйында «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы мыйзам бузду деген төрт тасманы көрсөтүштү. Алгачкы тасмада белгисиз аял квартал башчыларына кайрылып, борбордук аянтка 10 адамдан алып келишип талап кылган.

Партиянын өкүлдөрү тасмадагы үн «Курманжан датка» муниципалдык аймактык башкармалыгын төрайымы Венера Сулаймановага таандык деп билдиришти. Сулайманова аянтка элди «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы үчүн чогултту деп эсептешет.

«Урматтуу квартал башчылары бүгүн саат 1 жарымга ар бириңер ондон адам алып келгиле. 100 пайыздык явка болушу керек. Толук тизме менен ар бириңердин адамдарыңарды эсептеп туруп кабыл алабыз. Ар бириңер алып келгиле, Куба тизме менен кабыл алат. Ар бириңер алып келип, мына бул деп Кубага тапшырасыңар», — деген аталган аял.

Ал эми экинчи тасмада белгисиз аял «Ата-Журт» партиясы үчүн адамдардын тизмесин берүүнү, ал үчүн акча берилерин айткан. Ошондой эле аталган аял шайлоочулардын тизмесин кылдаттык менен жазып берүүлөрүн айтып, ал тизмени өзү эмес, штабдын өкүлдөрү текшере тургандыгын белгилеген.

Партиянын өкүлдөрү үн №5305 шайлоо участогунун төрайымы Мээрим Мамыровага таандык деген пикирде. Аталган тасма соцтармактарда 29-март күнү тараган. Анда аты аталган Мээрим Мамырова «Клоопко» үн аныкы эместигин жана тасма монтаждалганын билдирген. Ал эми Ош ШИИБи аудио боюнча териштирүү жүргүзүп жатканын кабарлаган болчу.

Үчүнчү тасмада болсо видеонун автору «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы элди шагыл төгүп берип сатып алып жатканын айткан. Ал эми андан кийинки тасмада белгисиз аялдар тургундарга азык-түлүк таратып, Оштун вице-мэри Жасур Азимовдун атын аташкан.

«Жасур Максудович, өзүбүздүн бала. [...] Мына буларды ошо Жасур бала берип жиберди», — деген аялдардын бири. Ал учурда азык-түлүк алып жаткан тургун «Ооба, мектепте жолугушуу болду» деп кошумчалаган.

Буга чейин T-Media басылмасы Азимовдун Оштогу Фрунзе мектебинде үгүт жолугушуу өткөргөнү тууралуу видео жарыялаган. Анда Азимов аны чогулушка ата-энелер өздөрү чакырышканын жана алардын көйгөйлөрүн укканы барганын айткан. Ал эми мектептин директору чогулушта «3-чейректин маселелери талкууланганын жана үгүт болгон эмес» деп ишендирген.

«Президент үгүт кылып жаткандай сезилип жатат»

Ал эми «Республика» партиясынын өкүлү Азат Мусаев «Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов президент Садыр Жапаров менен жолугуп, мэрдин программасы президентке жакты» деп маалымат тараганын айтты.

Мусаев «өлкө башчы мэр менен башка убакта жолукса болбойбу» деп сынга алып, жергиликтүү бийлик шайлоого кийлигишип жатат деп билдирди.


«Бир аял айтып жатат, бул партияны мен колдоймун. Анткени бул Таалайбек Сарыбашовдун партиясы экен деп. Биздин президент бүгүнкү күнү үгүт кылып жаткандай сезилип атат. Эл Сарыбашов дагы 4 жыл ошол программасы менен иштейт деп түшүнүп жатышат. Садыр Жапаров ушул шайлоого бийликти аралаштырбай, административдик ресурсту колдондурбаса эл ишенет», — деди ал.


Сарыбашовдун президентке жолукканын мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров «Азаттык» үналгысына тастыктады. Бирок жолугушууда шайлоо тууралуу сөз болгон эмес дейт. Ошондой эле калаа бийлиги шайлоого кийлигишип жатат деген маалыматты четке какты.

Президентке кайрылуу

«Улуу-Журт» партиясынын лидери Мирлан Орозбаев президент Садыр Жапаровго кайрылып, шайлоодогу мыйзам бузууларга чара көрүүнү талап кылды.

«Сиз ант берип жатканда айткансыз, “бардык жоопкерчиликти мойнума аламын, мындан ары мыйзам бузууларга жол берилбейт” деп. Мына [мыйзам бузуу] болуп жатат. Жети облуста кураторлоруңуз бар, алар фактыларды жакшы билишет. Сөзсүз эле Ошко же Нарынга келип эмес, жаныңыздагы кабинеттен эле сурасаңыз фактылар жетишээрлик», — деди ал.

Орозбаев партиялар фактыларды бере берип тажаганын айтып, мындан ары мыйзам бузууларды «өзүңөр таап алгыла, тажадык» деди.

«Бешөөбүз биригип азыр бир тасманы тартып, аны кескилеп мына бул жерге койгон бизге эмне кылаарга иш жок дейсиздерби? Биз шайлоо иштери менен алек болобузбу же баарыбыз спецназдай болуп башка партиянын штабдарын кайтарып жүрө беребизби?» — деп суроо салды Орозбаев.

«Чара көрүлбөй жатат»

Партия өкүлдөрү жогоруда аталган фактылар боюнча бардык тиешелүү органдарга кайрылышканын, бирок ушул күнгө чейин чара көрүлбөгөнүнө нааразы болушту. Мындан улам алар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн «кайдыгерликке» айыпташты.

«Тилекке каршы жергиликтүү күч органдарынын кайдыгер мамилеси дейбизби, же болбосо мурдагы адат менен эле бийликтин көзүн караган аракеттериби?! Бизди нараазы кылып келе жатат», — «Улуу-Журт» партиясынын лидери Мирлан Орозбаев.

Ошто төрт партия «Ата-Журт Кыргызстанды» админресурс колдонууга айыптады