Премьер: Автоунааны кайра каттоо 1-июндан тарта жыл аягына чейин акысыз болот

Премьер-министр Улукбек Марипов жакында автотранспортторду акысыз кайра каттоо кампаниясы башталарын билдирди. Ал жыл аягына чейин уланат.

«1-июндан тарта транспорт каражаттарын кайрадан каттоо боюнча улуттук кампания башталат, ал 31-декабрга чейин улантылат. Транспортторду кайра каттоо келечекте айып пулдар боюнча талаш жараткан учурлардын алдын алууга жардам берет», — деди ал.

Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоору ишке киргенден кийин автоунаасын ишеним кат менен саткан айдоочуларга айып пул келип баштаган. Себеби, алар унааны сатып алган кишиге каттатпай, өзүнүн атында калтырышкан. Бул өз кезегинде бир катар түшүнбөстүктөрдү жараткан.

Мамкаттоонун берген маалыматы боюнча эгер жаран автотранспортту биринчи ирет өзүнө каттатып жатса тарифтик сетка менен белгиленген нарктын 5 пайызын төлөйт, ал эми кайра каттатса анын 0,3 пыйызын төлөшү керек.

Мамлекеттик каттоо кызматы 2021-жылга карата автоунааны каттоо жана кайра каттоонун тарифтик сеткасын бекитти.