ВВС Кыргызстандагы ак илбирсти сактоо жөнүндө даректүү тасма тартты

Британиялык телерадиоберүү корпорациясы (ВВС) 22-апрелде — Жер Эне күнүнө карата* Кыргызстандагы ак илбирсти сактоо жөнүндө төрт сериядан турган тасмасын жарыялады. Фильм «Снежные барсы: Призраки в снегу» деп аталат.

* Жер Эне күнү — дүйнөлүк масштабдагы жыл сайын өтүүчү акция. Ал АКШда 1970-жылдан тартып белгилене баштаган. Акцияда адамдарды планетадагы аялуу, назик табиятка аяр мамиле кылуу чакырыгы айтылат.

Төрт серияны толугу менен BBC Earth YouTube-каналынан көрүүгө болот.

2013-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жетекчилиги менен Кыргызстанда алгачкы жолу ак илбирсти коргоо боюнча дүйнөлүк форум өткөн. Анда ак илбирс байырлаган 12 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан. Бул демилгеден кийин ак илбирсти сактоо боюнча глобалдык план иштелип чыккан.

Ак илбирсти сактоо боюнча демилгелер көтөрүлгөнүнө карабастан, эксперттер 2040-жылга чейин алардын дүйнөдөгү жалпы саны 10%га азаят деп божомолдошууда. Буга көптөгөн факторлор, анын ичинде алар байырлаган чөйрөлөрдүн кыскарышы да себеп болот.

Тема боюнча окуңуз: Бир кадр менен: Ак илбирc Ала-Тоо кыркасында