Өзгөндө 17 жаштагы кыз атасы тарабынан «зорукталганын» айтып милицияга кайрылды

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Өзгөн районунун Кош-Коргон айылында 17 жаштагы тургун атасы тарабынан «зордукталганын» билдирди. Бирок атасы айыпты четке кагууда. Милиция окуя боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Окуя үстүбүздөгү жылдын 19-апрелинде орун алган. Милицияга ошол күнү болжол менен 22:00 чамасында кыздын таежеси арыз жазган. Ал эми кыздын апасы Орусияга эмгек миграцияга кеткен.

Милициянын маалыматына ылайык, жабырлануучу кыз Өзгөн райондор аралык социалдык эмгек өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башкы адисинин жана анын мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусунда суракка алынган.

Өспүрүм өз көрсөтмөсүндө анын эркине каршы, каршылык көрсөткөнүнө карабастан атасы аны менен жыныстык катнашта болгондугун айткан. Бирок атасы бул айыпты четке каккан.

Ал эми дайындалган соттук-медициналык эскпертиза жабырлануучунун кыздык белгиси бузулбагандыгын көрсөткөн. Бирок биологиялык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек.

«Биологиялык экспертизанын жыйынтыгы менен кандай аракет болгону такталат. Ар тараптуу иликтѳѳ максатында жабырлануучуга жана арыз ээсине карата да соттук-психологиялык экспертиза дайындалды», — деп билдиришти Ош ОИИБиден.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери» беренеси менен катталып, тергөө амалдары уланууда.

ИИМдин басма сөз кызматы жыл башында билдиргендей, Кыргызстандагы сексуалдык зомбулуктан жабыркаган балдардын 80%ы туугандарынан же тааныштарынан жапа чеккен. Ошондой эле, министрлик жаш балдарга карата сексуалдык ыдык көрсөтүү өз үйүндө же конокко барганда болорун белгилеген.

Эгерде сиз зордук-зомбулукка кабылсаңыз төмөндөгү номурларга кайрылыңыз сизге жардам беришет: 102 — милиция кызматы; 112 — кызматы; 111 — балдар үчүн ишеним телефону.