Ош ШИИБи «Азаттыктын» журналистине митинг учурунда кол салуу боюнча ишти кыскартты

Дастан Үмөтбай уулу (сол жакта). Сүрөт 6-октябрда тартылган.

«Азаттыктын» журналисти Дастан Үмөтбай уулунун экс-президент Сооронбай Жээнбековду колдоо митингги учурунда сабалышы боюнча иш өндүрүштөн кыскартылды. Бул тууралуу «Клоопко» Ош ШИИБнин басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Үмөтбай уулуна 2020-жылдын 6-октябрында Ош шаарынын борбордук стадионунда кол салышкан. Анда Жээнбековдун тарапташтары митингге чыгышкан. Анткени 5-октябрга карагат түнү Ак үй шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор тарабынан басылып алынган болчу.

Митингде депутат Асылбек Жээнбеков мамлекетти сактап калууга жана мыйзамдын чегинде иш алып барууга чакырган. Көп өтпөй аянтка парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын мүчөлөрү да топтолушкан. Эки тараптын ортосунда чыр чыгып, белгисиз кишилер «Реформа» партиясынын мүчөлөрүн сабаган.

Үмөтбай уулу «Реформадан» талапкер болгон Мирбек Маматкасымдын ур-токмокко алынышын тасмага тартып жатканда сабалган. Белгисиз киши ага кол салып, камерасын тартып алууга аракеттенген — видеого журналистке кол көтөргөн кишинин жүзү түшүп калган.

«Азаттык» үналгысынын жетекчилиги октябрдын башында шайлоо жана андан кийинки саясий кырдаалды чагылдырган Бишкек, Ош жана Таластагы кабарчыларына кол салуу болгон фактыларына юридикалык баа берүү өтүнүчү менен Ички иштер министрлигине кайрылган.

ИИМ Үмөтбай уулуга кол салуу фактысын териштирүүнү Ош ШИИБиге тапшырган. Башкармалык «Майда ээнбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ишин ачкан. Бирок соттук-медициналык экспертизга журналист сабалгандан үч ай өткөндөн кийин гана дайындалган.

«Арыз жазган Дастан Үмөтбай уулунун ошол окуяда алган жараатынын дэңгээлин аныктоо максатында атайын экспертизалар дайындалган. Бирок арыз жазган тарап атайын экспертизадан өткөн эмес. Ошондуктан Ош ШИИБнин тергөө кызматы бул ишти өндүрүштөн кыскартуу боюнча тиешелүү сунуш менен Ош шаардык прокуратурасына кайрылган. Бүгүнкү күндө бул иш прокуратуранын карамагында кароодо турат», — деп билдирди Сыдыков.

Анткен менен Үмөтбай уулу сотко чейинки өндүрүш окуядан үч ай кечигүү менен башталганын «Клоопко» билдирди. Анын айтымында, үч айдын ичинде анын денесинде жаракаттын белгилери калган эмес — ошондуктан ал экспертизадан өтүүдөн баш тарткан.

«Милиция биз [арыз] бергенге чейин эле факт боюнча иш козгошу керек эле, бирок алар козгогон эмес. Мисалы, “Регион” телеканалынын журналистине [кол салуу боюнча] дароо эле козгоп жатышпайбы. Булар ишти январда карап баштаган, 19-январда мен барып ИИМге берилген каттын негизинде Оштогу милицияга арыз жазганмын», — деди Үмөтбай уулу «Клоопко».

Үмөтбай уулунун айтымында, ал арыз жазып жатканда «журналисттин ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратан жагдайды» эске алууну өтүнгөн. Бирок тергөөдө бул факт эске алынган эмес.

Ошондой эле журналист үч айлык тергөөнүн жүрүшүндө тергөөчү ага бир да жолу байланышпай ишти кыскартып салганын белгиледи. Ал эми кол салган кишини милиция издеп-издебегени белгисиз. Соттук-медициналык экспертиза эмне үчүн үч айдан кийин дайындалганы жана убагында факт боюнча иш козголбогону боюнча суроо ачык бойдон турат.

Анткени Үмөтбай уулунун сабалышы боюнча маалымат ЖМКларга ошол эле күнү жарыяланган. Ал эми 2-февралда Үмөтбай уулу Оштун милициясына сурак берип чыккан — анда укук коргоо органдары журналистке кол салган шектүүлөр изделип жатканын кабарлашкан.

*25-апрелде УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Өзгөн районундагы Куршаб айылында Өзбекстан менен жер алмашуулар маселеси боюнча жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөргөн. Иш-чаранын жүрүшүндө Ташиевге караштуу «Регион» телеканалынын журналисти Акниет Кеңешов жана тургундардын ортосунда чыр чыккан. Эки күндөн кийин Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгы «Ээнбаштык» беренеси менен тергөө баштап, 30га чукул кишиден сурак алынаарын билдирген.

Журналисттерге кол салуу

Өткөн жылдагы парламенттик шайлоодо «Клооптун» Оштогу оператору Хамидулло Узаковго жана журналисти Айбике Адилет кызына да Памир кафесинде жайгашкан №5316 шайлоо участогунда кол салуу болгон.

Журналисттерге белгисиз эки киши түз эфирге чыгууга тоскоолдук кылган. Ошол эле күнү журналисттер кол салгандардын бири «Ош-Тазалык» муниципалдык иш Оштун полигон башчысы Достук Жолдошов экенин аныкташкан.

Жолдошовду «Кличко» каймана аты менен таанымал эрежесиз эр уруш мушкери, «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасынын башчысы Нурбек Исмаилов машыктырган. Кийинчерек 12-декабрда Исмаилов журналисттерге байланыштуу ишти карап чыгып, Жолдошовду Оштун полигон башчысы кызматынан алган.

Ош ШИИБи «Клооптун» кызматкерлерине болгон кол салуу боюнча «Журналисттин ишине тоскоолдук кылуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган. Бирок 31-октябрда Узаковдун иши кыскартылганы белгилүү болгон.

Шаардык милициядан буга соттук-медициналык экспертизадан оператордун денесинде жараат жок болгону менен негиздешкен. Бирок тергөөдө журналисттердин ишине тоскоолдук кылуу боюнча факт эске алынган эмес.

Мындан сырткары, Адилет кызынын арызы боюнча иш да кыскартылганы маалым болду. Иш өткөн жылы 31-декабрда кыскартылганы менен тергөөчү Илим Гуламов бул тууралуу жактоочуну да, арыз ээсин да маалымдаган эмес.

Тергөөчүнүн ишине канааттанбагандыктан жана тергөөнүн акыйкаттуулугунан күмөн санап «Клооп» кол салууну өзү иликтеди. Анда Жолдошов «Биримдик» партиясы үчүн иштегени аныкталды. Ошондой эле журналисттер биринчи кол салган кишини да тапты. Ал Ош аэропортунун кызматкери Манас Алмаматов болуп чыкты. Экөө тең грэпплинг менен машыгат.

Кийинчерээк 6-январда Ош шаардык сотунда «Клооптун» кызматкерлерине кол салуу боюнча иш каралган. Басылма тергөөчүнүн үстүнөн жазылган арызды кабыл албай койгон шаардык прокуратураны сотко берген болчу. Алгачкы отурумда прокурор эки иштин тең кыскартылгандыгы тууралуу токтомду жокко чыгараарын айткан. Кийинчерээк эки арыз тең кайра тергөөгө жиберилген. Бирок андан бери иш кандай тергелип жатканы боюнча дайын жок.

Ал кезде журналисттерге кол салган Достук Жолдошов Ош шаардык кеңешине «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен аттанган. Бул партия УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев менен байланышы бар болгону айтылып келет. Аталган партия Ош шаардык кеңеште 27 мандатка ээ болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Биримдик» жана мушкерлер. Ошто шайлоодо журналисттерге кимдер кол салган?