Жапаровду колдоо митингинде «Азаттыктын» журналисти коркутууга кабылды

Бишкек шаарында 9-октябрда Садыр Жапаровдун тарапташтары өткөрүп жаткан өкмөт үйүнүн алдындагы митингде «Азаттыктын» кабарчысын белгисиз кишилер коркутуп, колунан кармап башка жакка алып барууга аракеттенишкен.

«Азаттык» радиосун түз эфирде коркутуу болду«Азаттык» радиосунун кабарчысы Өкмөт Үйүнүн алдындагы митингди чагылдырып...

Posted by Kyrgyz Azattyk Unalgysy on Friday, October 9, 2020

Кабарчы түз эфирге чыгып жаткан учурда ага белгисиз кишилер келип, «Азаттыкты» Жапаров тууралуу «туура эмес маалымат» таратууга айыпташып, кабарчыга түз эфирдеги теманы өзгөрт деп басым кылышкан.

«Садыр Жапаровдуку деп жаз деп атам. Митинг болуп атат деп атасың сен. “Реальный” тартсаң эй. Жүр элдин алдына чыгып “Азаттыктан” келдим дечи азыр. Силер бүт бардык жерде “нереальный” кылып жатасыңар. Садыр Жапаровду каралап жатасыңар», — деген сөздөрдү айткан митингге катышкан кишилер.

Ошондой эле алар жакында «”Азаттыктын” кеңсесине барууга камынып жатышканын» айтышып, кабарчынын кетип калуусун талап кылышкан. Кабарчы митинг болуп жаткан жерден кетүүгө аргасыз болгон.

Өкмөт үйүнүн алдында премьер-министрликке талапкер Садыр Жапаровдун тарапташтары анын бийлигин мыйзамдуу деп таанууну талап кылып жатышат.

Буга чейин депутаттар 6-октябрда чукул жыйынга чогулушуп, жаңы эле абактан чыккан Садыр Жапаровдун талапкерлигин премьер-министрликке жактырышкан. Бирок жыйынга канча депутат келгени белгисиз. Чогулуш жабык өтүп, журналисттер киргизилген эмес. Мындан улам Жапаровдун талапкердигин жактыруу процедурасы легитимсиз деген депутаттар да бар.

Анткени жыйында кабыл алынган протокол коомчулукка жарыялана элек.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча, добуштардын көбүн президенттин иниси талапкер болгон бийликчил «Биримдик» партиясы жана Матраимовдордун кланы менен байланыштуу делген «Мекеним Кыргызстан» алган.

Шайлоонун жыйынтыктарына жана массалык эреже бузууларга саясий партиялар да, ошондой эле көптөгөн кыргызстандыктар да нааразы болуп, 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чыгышкан.

Ошол эле күнү кечинде митинчилерди кууп таркатуулар башталып, тынчтык митинги кагышууларга айланып кеткен жана анын натыйжасында Ак үй басылып алынып, айрым саясатчылар бошотулган. Анын ичинде Садыр Жапаров да бар.

Садыр Жапаров «Райым миллион» камалат деп убада кылды

Садыр Жапаровду эмне үчүн өкмөт башчылыкка мынчалык түртмөлөп жатышат?