Ош: Милиция «Азаттыктын» кабарчысына митинг учурунда кол салган кишини издеп жатат

Сүрөт: Дастан Үмөтбай уулунун кол салуу учурунда тартылган тасмасынан алынган скриншот

«Азаттык» радиосунун Оштогу кабарчысы Дастан Үмөтбай уулуна 6-октябрдагы митингде кол салган киши изделип жатат. Бул тууралуу «Клоопко» Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Үмөтбай уулу 2-февралда бул боюнча милицияга сурак берип чыккан.

Кабарчыга парламенттик шайлоодон кийин Ош шаарынын борбордук аянтында болуп жаткан митингди чагылдырууда белгисиз кишилер кол салган. Үмөтбай уулу билдиргендей, ал «Реформа» партиясынын мүчөлөрүн ур-токмокко алып жаткан топту видеого тартып жаткан учурда белгисиз бирөө чаап жиберген. Ал эми кол салган кишинин жүзү видеого түшүп калган.

Аталган фактты Ош ШИИБи Кылымыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Майда бейбаштык» беренеси менен каттап, тергөөнү баштаган.

Буга «Азаттык» басылмасынын жетекчилиги ИИМге шайлоодон кийинки башаламандыктарды жана саясий кырдаалды чагылдырып жүргөн Ош, Талас жана Бишкек шаарларындагы кабарчыларына кол салуу болгонун билдирип кайрылганы себеп болгон.

Журналисттерге кол салуу

Өткөн жылдагы парламенттик шайлоодо «Клооптун» Оштогу оператору Хамидулло Узаковго жана журналисти Айбике Адилет кызына да Памир кафесинде жайгашкан №5316 шайлоо участогунда кол салуу болгон.

Журналисттерге белгисиз эки киши түз эфирге чыгууга тоскоолдук кылган. Ошол эле күнү журналисттер кол салгандардын бири «Ош-Тазалык» муниципалдык иш Оштун полигон башчысы Достук Жолдошов экенин аныкташкан.

Жолдошовду «Кличко» каймана аты менен таанымал эрежесиз эр уруш мушкери, «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасынын башчысы Нурбек Исмаилов машыктырган. Кийинчерек 12-декабрда Исмаилов журналисттерге байланыштуу ишти карап чыгып, Жолдошовду Оштун полигон башчысы кызматынан алган.

Ош ШИИБи «Клооптун» кызматкерлерине болгон кол салуу боюнча «Журналисттин ишине тоскоолдук кылуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган. Бирок 31-октябрда Узаковдун иши кыскартылганы белгилүү болгон.

Шаардык милициядан буга соттук-медициналык экспертизадан оператордун денесинде жараат жок болгону менен негиздешкен. Бирок тергөөдө журналисттердин ишине тоскоолдук кылуу боюнча факт эске алынган эмес.

Мындан сырткары, Адилет кызынын арызы боюнча иш да кыскартылганы маалым болду. Иш өткөн жылы 31-декабрда кыскартылганы менен тергөөчү Илим Гуламов бул тууралуу жактоочуну да, арыз ээсин да маалымдаган эмес.

Тергөөчүнүн ишине канааттанбагандыктан жана тергөөнүн акыйкаттуулугунан күмөн санап «Клооп» кол салууну өзү иликтеди. Анда Жолдошов «Биримдик» партиясы үчүн иштегени аныкталды. Ошондой эле журналисттер биринчи кол салган кишини да тапты. Ал Ош аэропортунун кызматкери Манас Алмаматов болуп чыкты. Экөө тең грэпплинг менен машыгат.

Кийинчерээк 6-январда Ош шаардык сотунда «Клооптун» кызматкерлерине кол салуу боюнча иш каралган. Басылма тергөөчүнүн үстүнөн жазылган арызды кабыл албай койгон шаардык прокуратураны сотко берген болчу. Алгачкы отурумда прокурор эки иштин тең кыскартылгандыгы тууралуу токтомду жокко чыгараарын айткан. Кийинчерээк эки арыз тең кайра тергелери белгилүү болду.

«Биримдик» жана мушкерлер. Ошто шайлоодо журналисттерге кимдер кол салган?

«Клооптун» кызматкерлерине кол салуу. Иш кайра тергелмей болду