Жапаровдун тарапташтары: НПОлор казино менен жаңы тарифтерге каршы чыгып жатат

Бишкектин борборунда митингдерге каршы митинг болуп өттү. Жеңиш аянтында Садыр Жапаровдун жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тарапташтары чогулуп, бийликтин иш-аракеттерине каршы чыгууну токтотууну талап кылышты.

Алардын айтымында, Кемпир-Абад суу сактагычын өзбек тарапка өткөрбөө, кумарканаларга жана тарифтердин көтөрүлүшүнө каршы митингдерди бейөкмөт уюмдар уюштуруп жатат, ошондуктан мындай уюмдар өлкөдөн чыгып кетиши керек.

«Батыштын НПОшниктери көчөгө чыгып, ээн-эркин чыгып басып жүрүшүн каалабайбыз. Эл бузарларды, 100 адам чогулуп алып, ар кандай туура эмес маалымат жеткирип жаткандар жооп берип, өлкөдөн чыгып кетишсин. Бизге тынчтык керек. Митинг керек эмес. Митинг болушун каалабайбыз. Садыр Жапаровго убакыт бериш керек», — деп митингчилер талаптарын айтышты.

Видео: 24.kg

Президенттин тарапташтары сабырдуулук кылып, бийликтин реформаларына колдоо көрсөтүүнү суранышты.

«Элибиз кереги жок чыгымдарды кыскартып, ошол чыгымдардын ордуна электр энергиясына [жаңы тарифтер боюнча төлөп] салымыбызды кошуп туралы, Бир аз убакыт мамлекетибизди колдоп берип турсак, Садыр Нуркожоевич менен Камчыбек Кыдыршаевичтин жасап жаткан иштерине [реформаларга] жакшы көмөк кошмокчубуз», — деди митингдин катышуучусу Салима Алтыбаева.

Видео: 24.kg

Кыргызстанда бейөкмөт уюмдарга каршы митинг биринчи жолу өтүп жаткан жок. Буга чейин 15-апрелде зордук-зомбулукка каршы митингге чыккандар менен бир күндө бейөкмөт уюмдарга каршы болгондор да антимитинг уюштурушкан. Алар зордук-зомбулукка каршы митингдин катышуучуларын куугунтуктап, чагымчылдык кылып, журналисттерди коркутуп-үркүтүшкөн.

Милиция антимитингдин катышуучуларына чара көрбөстөн, зордук-зомбулукка каршы митингдин катышуучуларын чымыр денелүү кишилерден коргогондун ордуна аларга «провокация кылбагыла» деп айтышкан. Антимитингчилер ЛГБТга каршы күрөштү жүргүзүүнү улам-улам жар салышкан.