ССМ: Кыргыз-тажик чек арасында октон жарадар болгон тургундун абалы орто оор

Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы чырда көзүнө ок тийген 30 жаштагы тургундун абалы орто оор. Учурда ал Лейлек аймактык ооруканасында дарыланууда. Бул тууралуу «Кактус» басылмасына Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Министрликтен жарадар кишинин көзүнүн «абалы жакшы» экенин билдиришти. Жалпысынан жаңжалда төрт киши жаракат алган. Алардын биринин абалы канааттандыраарлык болгондук ал амбулатордук дарыланууга чыгарылган. Дагы эки тургун Самаркандектеги ооруканага жеткирилген.

«Жабырлануучулар бардык керектүү дары-дармектер жана медициналык каражаттар менен камсыздалган, кан жана анын компоненттери жетиштүү. Окуя болгон жерде тез жардам кызматынын үч бригадасы нөөмөттө турат. Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда кошумча төрт тез жардам бригадасы түзүлдү — керек болгон учурда алар да жумушка тартылат. Ошондой эле, бейтаптарды жана жарадарларды кабыл алуу үчүн Баткен облустук жана Исфана аймактык ооруканаларында жандандыруу жана хирургиялык койкалар даяр», — деп билдиришти министрликтен.

Ошондой эле, Бишкек жана Ош шаарларында медициналык адистерден турган топ түзүлдү — эгерде абал курчуп кетсе алар Баткенге барууга даяр.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр 28-апрелде башталган. Кыргызстандын чек ара кызматы буга Тажикстандын жарандары «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында шагыл жүктөп кетүүгө аракети, кийинчерээк алар мамычаларга макулдашуусуз байкоо камераларын орнотуп баштаганы себеп болгонун билдирди.

Тажикстандын чек ара кызматы чырдын күчөп кетишине Баткен облусунун акими Акылбек Орозовду айыптоодо. Алардын айтымында, «Кыргызстандын бийлиги алыскы аймактардан жарандарын алып келип, улуттар аралык кагылышууга шыкактап жатат».

Ал эми Кыргызстандын чек ара кызматы бул маалыматты төгүндөп, коңшу өлкөнүн күч органдары чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратып жатканын билдирди.

«Тажикстан социалдык тармактарга “жаңжалды кыргыз тарап курчутуп жатат. Бул үчүн алыскы райондордон жарандарды алып келип, улуттар аралык кагылышууга себеп болууда” деп тараткан маалыматы чындыкка туура келбейт», — деп билдиришти чек ара кызматынан.

Эки өлкөнүн 100-150гө чукул жарандары бир-бирине таш ыргытып, ондогон киши жаракат алган. Ошондой эле бир кыргызстандыктын көзүнө ок тийип, ал ооруканага жеткирилген.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев буга чейин Согди облусунун губернатору чырга себеп болгон камераларды алууга макул болгонун айткан. Бирок Исфара районунун акими жетекчилигинин тапшырмасын аткаруудан баш тарткан.

Учурда Баткен облусуна караштуу Ак-Татыр, Ак-Сай, Самаркандек айыл өкмөттөрүнө өзгөчө абал режими киргизилди.

ТЕМА БОЮНЧА

Кыргызстандын чек ара кызматы Тажикстандын айыптоолорун четке какты

Чек арадагы чыр: Ош — Баткен — Исфана жолу жабылды