Кыргызстандын чек ара кызматы Тажикстандын айыптоолорун четке какты

Сүрөт: Хамидулло Узаков / «Клооп»

Баткен облусунун Көк-Таш жана Тажикстандын Хожа-Аъло айылдарынын ортосунда жайгашкан «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайынан 28-апрелде чыр чыгып, эки тараптан тең ондогон киши жаракат алды. Алардын ичинде көзүнө ок тийген кыргызстандык да бар.

Тажикстандын чек ара кызматы чырдын күчөп кетишине Баткен облусунун акими Акылбек Орозовду айыптоодо. Алардын айтымында, «Кыргызстандын бийлиги алыскы аймактардан жарандарын алып келип, улуттар аралык кагылышууга шыкактап жатат».

Кыргызстандын чек ара кызматы бул маалыматты төгүндөп, коңшу өлкөнүн күч органдары чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратып жатканын билдирди.

«Тажикстан социалдык тармактарга “жаңжалды кыргыз тарап курчутуп жатат. Бул үчүн алыскы райондордон жарандарды алып келип, улуттар аралык кагылышууга себеп болууда” деп тараткан маалыматы чындыкка туура келбейт», — деп билдиришти чек ара кызматынан.

Ошондой эле, ведомствонун басма сөз кызматы окуянын чоо-жайын тактап, алгач «тажикстандыктар Ак-Сай айыл аймагынын Ак-Суу дарыясынын жээгиндеги болжолдуу чек ара сызыгынан 2-3 метр аралыкта шагыл жүктөп кетүүгө аракет кылганын» билдирди. Кыргызстандык чек арачылар «ишти токтотуууну талап кылышкан, бирок тажик тарап буга макул болгон эмес».

Аскерлер курал колдоноорун эскерткенден кийин тажикстандыктар аракеттерин токтотушкан. Бирок көп өтпөй алар «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайынын аймагындагы мамыларга байкоо камераларын орното баштаган.

«Экинчи камера коюлуп жатканда Кыргызстандын Чек ара кызматынын жана Баткен облустук милициясынын өкүлдөрү барып, ишти токтотууну талап кылышкан», — деп билдиришти мекемеден.

Натыйжада тилкеге жакын жашаган кыргызстандыктар менен тажикстандыктардын ортосунда чыр чыккан — Кыргызстандын Көк-Таш айылынын жана Тажикстандын Хожаи-Аъло айылынын 100-150гө чукул тургуну бири-бирине таш ыргытышкан.

Кийинчерээк ал жерден ок атуулар угулуп, үч кыргызстандык таштан, бир кыргызстандык октон жарадар болгону кабарланды.

29-апрелге караган түнү абал курчуган. Чек ара кызматы Баткен районунун Кочо-Бою тилкесинде Тажикстандын жарандары кыргызстандыктардын үйлөрүнө таш ыргытып, унааларга ок чыгарганын билдирди.

Ал эми Баткен облусунун милициясы окуялар боюнча «Массалык башаламандык», «Ээнбаштык» жана «Киши өлтүрүүгө аракеттенүү» беренелери менен сотко чейинки өндүрүштү баштады.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткен: Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты, жаракат алгандар бар