Жумгал: Ак-Улак айылындагы көмүр казган ишканалар менен айыл тургундарынын чыры

Нарын облусундагы Жумгал районунун Ак-Улак айылынын тургундары аймактагы көмүр ишканаларынын ишин токтотууну талап кылышууда. Анткени көмүр кени жакын жайгашкандыктан аны казууда чаң жутуп жатышканына даттанышты. Жергиликтүү бийлик маселе бир айдын ичинде чечилет деп убада кылууда.

Айылда 21 түтүн эл жашайт. Ал эми көмүр кенин «Нарк-Тоо», «Борбор Азия Көмүр», «Берекет-Кен» ЖЧКлары өндүрүп келишет. Тургундар 2020-жылдын 30-октябрынан тартып көйгөйдү чечип берүү үчүн өкмөт башчыларына жана Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдоп келишет. Бирок бийлик өкүлдөрүнөн алгылыктуу жооп ала албай келишкенин айтышууда. Акыркы нааразычылык акциясы 1-апрелде өткөн.

«Компаниялар ар бир түтүнгө 3 миллион сомдон бөлүп берип, иштей беришсин»

Миң-Куш айыл аймагынын Ак-Улак айылынын тургуну Кадырбек Орозкуловдун аталган аймакта жашаганына 70 жылдын жүзү болду. Ал көмүр казгандан кийин күлү төгүлүп чаң болуп жатканын айтып кейиди. Элдин саламаттыгына зыян тийип жатканын айткан тургун ишканалар 3 млн сомдон компенсация беришсе жергиликтүүлөр башка аймакка көчүп кетүүгө даяр экенин айтат.

Айыл тургуну Тинатин Обосканова ишканалар көмүр казууда суу сеппегендиктен айлана чаңдап жатканын белгиледи. Ошондой эле кендин калдыктары да айылга төгүлүп жатканын айтты.

«Биз 12-13 километр жол жүрүп, жумушка барабыз, балдарыбыз мектепке барат. Ылдый жакка барып келгенче кийимдерибиздин баары чаң болуп калат. Ал эми кир жуусак кайра эле чаңдайт. Бизге дагы тынчтык керек», — деди Обосканова.

Бийлик өкүлдөрү эмне дейт?

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаевдин айтымында, компанияларга 2010-жылдан 2033-жылга чейин лицензия берилген. Ал эми уруксат алынганга чейин көчүп кетүүнү каалаган тургундарга 1,5 млн сомдон компенсация берилген деп ишендирди. Ал эми 3 млн сомдон берүүгө компаниялардын каражаты жоктугун билдирди.

«Биз аталган аймакка барганбыз. Тургундарга буга чейин «Борбор Азия Көмүр», «Берекет-Кен» көмүр ишканалары 1,5 миллион сомдон сунушташкан экен. Тургундар башында макул болушкан, ошондо лицензия берилген. Алар иштеп баштаганда айрым тургундар акчаны алып, башка жакка көчүп кетишкен. Айрымдары компания иштеп баштаганда 3 миллион сомдон бергиле деп кайра каршы чыккан. Компания андай акча бергенге каражатыбыз жок, ошол 1,5 миллион сомго Жумгалдын кайсы жеринен болсо үй алып берели деп дагы сунушташкан, ага дагы көнбөй жатышат», — деп билдирди Ашимбаев.

Ошондой эле, ал айыл тургундарынын талабы менен компанияларды мамлекетке өткөрүүгө өкмөткө кат жөнөтүлгөнүн жана тургундар компания мамлекеттин менчигине өтсө анда алардын иштешине каршы эмес экенин кошумчалады.

Бирок айыл тургундарынын айтымында, үйлөрдүн мурдатан бери эле тиешелүү документтери бар.

Сабыркул Ашимбаев «Борбор Азия Көмүр», «Берекет-Кен» көмүр ишканалары лицензия алгандан бери жакшы иштей электигин белгилеп, аталган компаниялар жакшы иштебей мамлекетке салык төлөбөгөндөн кийин анда элдин талабы менен мамлекеттин менчигине өткөрүп бериш керектигин белгиледи.

«Иштегенге мүмкүнчүлүк беришсе элге да, өкмөткө да жардам беребиз»

Айыл тургундары «Борбор Азия Көмүр», «Берекет-Кен» көмүр ишканаларынын ишин убактылуу токтотуп салышкан. Аталган ишкананын жетекчилери менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Ал эми «Нарк-Тоо» көмүр ишканасынын өкүлү Урматбек Айдаралиев эл иштегенге мүмкүнчүлүк берсе, аларга жардам берерин билдирди.

«Биз өкмөттүн токтому менен лицензия алганбыз. Бирок иштегенден баштап Ак-Улак айылынын тургундары тарабынан тоскоолдуктар болуп жатат. Андыктан бизге берилген планды аткара албай жатабыз. Өкмөткө төгүлчү салыктын өлчөмүн чыгара албай калып жатабыз. Бизге жакшы мүмкүнчүлүк беришсе айыл өкмөткө дагы өкмөткө дагы салыктарды төгүп, жардам кылмакпыз. Эл чаң жутуп жатабыз деп жатышат, ошого биз атайын суу сепкенге чоң бочкаларды алып келдик, эми баардык көчөлөргө суу сээп баштайбыз», — деди ишкананын өкүлү.

Айдаралиевдин айтымында, буга чейин айылдын көчөлөрүнө суу себилген эмес. Ишкана айылдагы окуучуларды мектепке ташый турчу унаа менен камсыз кылган.

«Суу себилип турса көмүрдүн калдыктарынын зыяны тийбейт»

Тоо-кен жана геология боюнча эксперт Орозбек Дүйшеевдин айтымында, көмүр калдыктары адамдын ден соолугуна эч кандай деле олуттуу зыян келтирбейт.

«Ак-Улак айылында иштеп жаткан көмүр ишканалары эл жашап жаткан жерден 300 метрдей алыс. Алар ишин токтотуп коюшса өлкөбүзгө көмүр жетпей калышы мүмкүн. Көмүрдүн чаңын чыгарбаш үчүн убагында суу сээп туруш керек. Эгерде компаниялар аларды аткарбаса, анда башка компанияларды иштетиш керек. Компания суу сээп, убагында салык төлөп турса анда эч кандай маселе жаралбайт», — деди Дүйшеев.

Дүйшеевдин айтымында, бийлик өкүлдөрү аймакка барып, элге жалпак тил менен зыяндуу жактары жок экенин түшүндүрүп бериши керек.

«Мындай маселе Сүлүктү шаарчасында дагы бар. Көмүр казган ишкана менен айылдын жакындыгы 100 метрдей эле. Бирок ал аймакта иштеп жаткан компаниялар баардык эрежелерди сактап, суу сээп, элге зыян алып келбегендей шарт менен иштейт. Ак-Улак айылындагы көмүрдү дагы ошентип алса болот жана ага көп деле каражат кетпейт», — деп билдирди эксперт.

Тоо-кен ассоциациясынын төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков компаниялардын ишин токтотуп салса электр энергиясына болгон муктаждык дагы көбөйө турганын билдирди.

«Мындай талаштуу маселелер Миң-Кушта көп катталат. Себеби ал жакта көмүр казган компаниялар көп. Акыркы күндөрү Ак-Улак айылынын тургундары көмүр казган компанияларды “кетсин” деген талапты коюп жатышат. Аны жаап салганда бүткүл Кыргызстанга зыян келиши мүмкүн, өзгөчө Нарын облусуна. Алар биринчиден кезек көмүр менен элди камсыз кылышат. Экинчиден майда калдыгын ТЭЦке [Бишкек жылуулук электр борбору] жөнөтүшөт. Көмүр казганда элге эч кандай зыяны тийбейт, өзгөчө Миң-Кушта. Ал жакта ачык асман алдында эле көмүр өндүрөт шамал болуп турат», — деди Камчыбеков .

Ошондой эле, ал көйгөйдү чечиш үчүн суу сээп, андан сырткары айыл өкмөт менен сүйлөшүп, элге социалдык пакет менен кошумча акча төлөп туруу керектигин сунуштады.

Камчыбековдун айтымында, мындай маселе Казакстанда дагы болгон. Ал жакта чоң көмүр ишканасы менен элдин ортосунда пикир келишпестик чыгып, бирок социалдык пакет аркылуу көйгөй чечилген. Орусияда дагы ушундай эле көйгөй бар болчу, ал жакта дагы маселе социалдык пакет менен чечилген. Эки мамлекеттин бийлиги элге туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Биздики дагы ошондой ыкма менен маселени чечиш керек.

*(Ред: Социалдык пакет — бул мыйзамда каралбаган жана иш берүүчү тарабынан кызматкерлерди каржылык жактан колдоо жана сыйлоо чаралары болуп саналат)

Ошондой эле, ал эгерде компанияларды жапса, анда Казакстандан көмүр сатып алууга туура келээрин билдирди.

«Көйгөйдү чечүү үчүн компаниянын өкүлдөрү, эксперттер, экотехинспекция жана бийлик өкүлдөрү менен биргеликте аталган аймакка барып, элге башка жактагы мисалдарды кошо айтып жакшы түшүндүрүш керек», — деди Камчыбеков.

Учурда Нарын облусунун аймагында кен иштетүүгө уруксат алган компаниялардынбасымдуу бөлүгү көмүр казат.

Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюмунун каржылоосу менен Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К долбоорунун колдоосунда ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.