Мирзиёев: Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал диалог менен чечилиши керек

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы абал тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өзбек президентинин маалымат кызматы билдирди.

Анда кыргыз-тажик чек арасындагы абал жана аны жөнгө салуу жолдору талкууланган.

«Бардык талаш маселелер кылымдардан берки достук, коңшулук, ишеним жана өнөктөштүк маанайдагы диалогдун негизинде чечилиши керектиги белгиленди», — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле Жапаров менен Мирзиёев Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда ушул жылдын март айындагы кабыл алынган чечимдер жана келишимдерди аткаруу жөнүндө сүйлөшкөн.

Ага чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал боюнча билдирүү жасаган. Ал эки өлкөнүн куралдуу кагылышуусу жөнүндө маалыматты өтө чоң тынчсыздануу менен кабыл алганын билдирген.

Кыргызстан жана Тажикстандын чек арасындагы кагылышуу тууралуу Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Зась да билдирүү жасаган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр

Жаңжал 28-апрелде башталган. Ошол эле күнү эки өлкөнүн 100-150гө чукул жараны бири-бирине таш ыргыта баштаган. 29-апрелде чыр-чатак курчуп кеткен — эки тараптан тең курал-жарактар колдонулган.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетти комитети Тажикстан ИИМинин атайын багыттагы аскерлер бөлүмү жана жоокерлери Баткен районунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу тосмосун 29-апрелде саат 14:00до миномёт, пулемёт жана автоматтар менен жапырт аткылоону баштаганын билдирген.

Чек арадагы ок атышуудан улам Баткен жана Лейлек райондорунан 20 миңге чукул жаран коопсуз аймактарга көчүрүлгөн. Ал эми Кызыл жарым ай коомунун кызматкерлери чек арага жакын жайгашкан Көк-Таш айылынан 600дөн ашуун адам эвакуацияланганын кабарлаган.

30-апрелде таңкы саат 07:50гө карата берилген маалыматка ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан 134 киши жабыркап, алардын ичинен 13 киши набыт болду.

УКМК берген соңку маалымат боюнча, 29-апрелде атайын багыттагы «Бөрү» отрядынын үч жоокери тажик тарап менен болгон кагылышуулардын жүрүшүндө шейит болду. 22 жоокер ар кыл оордукта жарадар болгон. Эки жоокердин абалы оор бойдон калууда.

Саламаттык сактоо министрликтин маалыматына ылайык, жабыркагандардын арасынан 25 адам атайын борт менен Бишкекке жеткирилген. Алар Бишкек Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургия борборуна жаткырылган. Алардын экөөсүнүн абалы оор, калгандарыныкы орто оор жана салыштырмалуу канааттандыраарлык деп бааланууда.

Тажик тараптан дагы жабыркагандар жана каза тапкандар бар. «Азия-Плюс» басылмасы өздүк булактарына таянып, 90го жакын адам жарадар болуп, 10го чукул адам набыт болгонун жазган.

ТЕМА БОЮНЧА:

БУУ, ЖККУ, Казакстан. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга дүйнө кандай көңүл бурду?