ССМ: Баткенге жалпы 31 дарыгер жөнөтүлүп, учурда резерв түзүлүп жатат

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Баткенге 31 дарыгер жиберди. Алардын ичинен 22 дарыгер Бишкек жана Таластан жөнөтүлсө, дагы тогуз дарыгер Бишкектен жиберилет. Бул тууралуу «Клоопко» министрликтин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

«29-апрелде Бишкек жана Ош шаарынан саламаттык сактоо министринин орун басары менен биргеликте жалпы 15 адис Баткенге чыгып кеткен. Кечке маал Талас облусунан жети дарыгер жөнөтүлгөн. Бүгүн Бишкек шаарынан 9 адис жөнөтүлөт», — деди ал.

Айгерчинова учурда Баткенге жөнөтүлчү дарыгерлердин резерви түзүлүп жатканын билдирди.

«Азыркы учурда Жалал-Абад же башка жактардан да дарыгерлер барып жатат деп жатышат. Анча кишинин ал жерге барганынын кажети жок, бардыгын жөнгө салып жатабыз. Азыркы учурда резерв түзүлүп жатат. Керек болсо, биз аларды да кошобуз», — деп белгиледи Айгерчинова

Жалал-Абад облусунан Баткенге эки бригададан турган 9 дарыгер түн ичинде тез жардам унаалары менен жөнөп кеткенин облустун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков «Турмуш» басылмасына  кабарлаган.

Мындан тышкары жарандык активисттер Баткен облусуна гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн атайын эсеп ачып, акча жана күнүмдүк турмушта керектеле турчу каражаттарды дагы топтоп жатышат. Мындан тышкары өкмөттүн алдында «Баткенге жардам» штабы түзүлдү.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр

Жаңжал 28-апрелде башталган. Ошол эле күнү эки өлкөнүн 100-150гө чукул жараны бири-бирине таш ыргыта баштаган. 29-апрелде чыр-чатак курчуп кеткен — эки тараптан тең курал-жарактар колдонулган.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетти комитети Тажикстан ИИМинин атайын багыттагы аскерлер бөлүмү жана жоокерлери Баткен районунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу тосмосун 29-апрелде саат 14:00до миномёт, пулемёт жана автоматтар менен жапырт аткылоону баштаганын билдирген.

Чек арадагы ок атышуудан улам Баткен жана Лейлек райондорунан 20 миңге чукул жаран коопсуз аймактарга көчүрүлгөн. Ал эми Кызыл жарым ай коомунун кызматкерлери чек арага жакын жайгашкан Көк-Таш айылынан 600дөн ашуун адам эвакуацияланганын кабарлаган.

30-апрелде таңкы саат 07:50гө карата берилген маалыматка ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан 134 киши жабыркап, алардын ичинен 13 киши набыт болду.

УКМК берген соңку маалымат боюнча, 29-апрелде атайын багыттагы «Бөрү» отрядынын үч жоокери тажик тарап менен болгон кагылышуулардын жүрүшүндө шейит болду. 22 жоокер ар кыл оордукта жарадар болгон. Эки жоокердин абалы оор бойдон калууда.

Саламаттык сактоо министрликтин маалыматына ылайык, жабыркагандардын арасынан 25 адам атайын борт менен Бишкекке жеткирилген. Алар Бишкек Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургия борборуна жаткырылган. Алардын экөөсүнүн абалы оор, калгандарыныкы орто оор жана салыштырмалуу канааттандыраарлык деп бааланууда.

Тажик тараптан дагы жабыркагандар жана каза тапкандар бар. «Азия-Плюс» басылмасы өздүк булактарына таянып, 90го жакын адам жарадар болуп, 10го чукул адам набыт болгонун жазган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Чек ара чырынан каза тапкандардын саны 13 адамга чыкты — ССМ