«Сөөктү таанып болбойт». Чек ара чырында 54 жаштагы тургун өз үйүндө өрттөнүп каза тапты

Эгембердиевдердин күйгөн үйү менен унаасы. Сүрөт: Хамидулло Узаков

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан Максат айылынын 54 жаштагы тургуну Ражапбай Эгембердиев каза тапканы белгилүү болду. Саламаттык сактоо министрлиги Эгембердиевдин өлүмүн 3-майда тастыктады.

Маркумдун иниси Момуналы Эгембердиев «Клооптун» журналисттерине маек курду. Анын айтымында, сыртта иш кылып жүргөндө үй жакка ок тийип, үй заматта өрттөнүп кеткен. Эгембердиев үйдө калган байкесин алып чыга албай койгон, ал да өзү чыга алган эмес. Кырдаал турукташкандан кийин үйдө бир кишинин сөөгү табылган.

«Бул биздин үй болчу. Бул жерде мен, авам, энем, инилерим жашайт элек. Ошол күнү энем жээнимдикине кеткен, авам (байкем) ишке кеткен эле. Карындаштарым мектепке кеткен. Окуя авам келгенден кийин 5 минутадан кийин башталды. Мен үйдө элем. Мен үйдүн алдында иш кылып жүргөнүмдө ок атуулар башталган. Мен ары кеткенде авам үйдө калып кеткен экен. Ошол жерден бир адамдын сөөгүн таптык. Сөөктү таанып болбойт», — деди ал.

Азыркы учурда сөөк жерге бериле элек. Анткени соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Апааттан Эгембердиевдердин төрт бөлмөлүү үйү, «Жигули» үлгүсүндөгү машинасы да куйүп кеткен. Андан тышкары үй тиричилигине керектелүүчү буюмдары кыйраган. Ал эми үй жандыктарын жана төрт бөлмөлүү үй салууга сатып алып койгон курулуш материалдарын тоноп кетишкен.

«4 комната үй салам деп курулуш жабдыктарын алып койгон элем. Бул жерге шыйпыр тизип койгом ошолор жок. Сынгандарын таштап кетишкен», — деп билдирди Эгембердиев.

Жабырлануучу кайра ушул жерге үй салып көчүп келүү ниетинде экендигин билдирди.

Чек арадагы ок атуулардын курмандыктары

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова кыргыз-тажик чек арадагы ок атуулардан жабыркагандардын саны 3-май саат 11:00гө карата 184 адамды түзүп, 35 кыргызстандык каза болгону маалымдалган. Алардын арасында бир өспүрүм кыз да бар. Кийинчерээк Лейлек районунун Арка айылында ок аткыланган учурда апасы менен качып бараткан 4 жашар Абидин Тургунбаев айылдагы каналга агып каза тапканы белгилүү болду.

Солтонбекова учурда Республикалык саламаттык сактоо мекемелеринде жалпы 99 адам дарыланып жатканын билдирди. Алардын бирөөсүнүн абалы өтө оор болсо, дагы экөөнүкү орто оор.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактан Ак-Сай, Актатыр, Карабак, Самаркандек, Жаңы-Жер, Бешкент жана Кулунду айылдарынан 33 388 киши эвакуацияланган. Алардын ичинен 14 246сы чоң кишилер, 19 142си жаш балдар.

Тажикстандын бийлиги өз тарабынан канча киши каза болгону жана жабыркаганы жөнүндө расмий маалыматтарды бере элек. Айрым ЖМКлардын маалыматы боюнча, 90го жакын адам жарадар болуп, 10го чукул адам набыт болгон.