Чек арадагы жаңжалда сууга чөккөн 4 жашар наристе ооруканага жетпей каза болду

Сүрөт Барчын Аманованын фейсбук баракчасынан алынды

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуулардын кесепетинен Лейлек районунун Арка айылынын 4 жаштагы тургуну Абидин Тургунбаев курман болду. Ал 29-апрелде каналга түшүп чөгүп кете жаздаган. Ал Кулунду айылындагы ооруканага жетпей каза болгон. Анткени ок атышуу болгондуктан Тез жардам унаасы жолдон өтө алган эмес.

Саламаттык сактоо министрлигинен наристе сууга чөгүп каза тапканын тастыкташты. Ал эми Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан Тусунбаевдин өлүмү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери жүргүзүлө баштаганын билдиришти.

Ушул эле күнү Лейлек районунун Интернационал (Борбордук) айлында тажик аскерлеринин миномётунан атылган октон улам 12 жаштагы Мадина Рахматжанова каза тапкан. Аталган айылда ок атыла баштаганда, Мадина апасы жана сиңдиси менен кошо айылдан качып чыгууга аракет кылган. Бирок апасы менен ага ок тийип, сиңдиси бутунан жаракат алган. Мадина алган жаракаттарынан улам ооруканага жетпей көз жумган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында тажик тарап өз алдынча видео байкоочу камера орнотконуна байланыштуу башталган.

1-майга чейин кагылышуулардын кесепетинен 184 киши жарадар болуп, анын ичинде 12 жаштан 60 жашка чейинки 35 кыргыз жараны каза тапкан. Маркумдардын ичинен 25 киши «Головной» аймагына атылган миномёттон көз жумган.

Ал эми «Азаттык» радиосунун тажик кызматы чек ара чырында 15 тажикстандык каза болгонун жана 90 адам жабыркаганын билдирген. Алардын арасында аскер кызматкерлери жана жай тургундар бар.

Материал саат 19:27де жаңыртылды.