Аласалган тез жардам унаасы: Машинадагы медиктер окуя тууралуу айтып беришти

Аласалып кеткен тез жардам автоунаасы. Сүрөт: Kloop

Turmush басылмасы билдиргендей, 29-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы ок атууда жарадар болгондорго жардам көрсөтүү үчүн Ак-Сай айылына бараткан тез жардам унаасы аткыланган.

Машинанын ичинде Бужум айылдык ооруканасынын фельдшери Бурканали уулу Аширали жана Баткен үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун айдоочусу Маматисак Эргешов болгон.

Алар Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү пунктунда ок тийген жарадарларга жардам көрсөтүү үчүн бараткан. Тез жардам кызматкерлери ок атыла баштаганда автоунаадан түшө качып, жашынууга үлгүрүшкөнүн айтып берген.

«Куралдуу жаңжалдын биринчи курмандыктарын алып кеткенден кийин бизге дагы чыгууга буйрук келип, жолго чыктык. Алдыбызда жолдун боюнда Тажикстандын аскерлери турушкан экен. Алар биздин токтошубузду талап кылышты. Биз токтоп, артка айдап кете баштаганыбызда тажиктер аткылап киришти. Автоунаа жолдон аласалып барып кулады. Аңтарылып калган унаадан бутубуз менен эшикти тээп ачып, сыртка чыктык. Анан бизге БТР келип, Көк-Таш айылына алып кетти. Ал жактан жарадар болгон 7-8 кишини алып ооруканага келдик», — деди Бурканали уулу Аширали

Айдоочу Маматисак Эргешов 28-апрелде Көк-Таш айылына келишкенин, ал эми 29-апрелде ок атышуу башталганын айтып берген.

«Андан кийин ок тийген 4-5 жаран келди. Аларды экинчи тез жардам унаасына жүктөп, Баткенге алып кетишти. Бизди бул жакка жумшашкан. Дарыгерлерден эч ким жок, фельдшер экөөбүз келдик. Жолдон ата баштаганда артка карай чегиндик. Артка айдап келе жатканда ушул жерден унаа кулап кетти. Анан аскерлердин БТР унаасы келип, ошолор менен кеттик»,— деген ал.

Кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак 28-апрелде башталган. Ошондо эки өлкөнүн 100-150 жараны бири бирине таш ыргытышкан. Кыргызстандын чек ара кызматы чырдын чыгышына Көк-Таш айылындагы *«Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында Тажикстандын жергиликтүү бийлиги тарабынан видео байкоочу камера орноткону себеп болгонун билдирген.

Садыр Жапаров менен Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон телефон аркылуу эки жолу сүйлөшүп, натыйжада жаңжалды тынчтык жолу менен чечүү пикирине келишкенин билдиришкен.

1-майда эки тараптын УКМК башчылары жетектеген өкмөттүк комиссиянын мамлекеттик чек араны делимитация жана деморкациялоо боюнча сүйлөшүүсү өткөн. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ок атышууну толугу менен токтотуу жана аскерлерди туруктуу жайгашкан ордуна алып кетүүнү макулдашкан. Ошондой эле, тараптар «максаттуу макулдашууга жетишкенин» жана төрт пункттан турган протоколго кол коюлганын айтышкан.

Саламаттык сактоо министрлиги 3-майда ок атуунун кесепетинен 35 кыргызстандык каза тапкан, 183 адам жабыркаганын билдирген. Алардын ичинен 121и жергиликтүү тургун, 31и аскер кызматкери жана бир дарыгер.

Баткен: Чек арадагы ок атууларда 130 объект өрттөлгөн

Ок атуу болгон аймактан 44 651 кыргызстандык эвакуацияланган, анын ичинде 27 136сы жаш балдар болгон.

Чек ара жаңжалында бир нече айылдар кыйроого учураган, үйлөр жана башка инфраструктура объектилери өрттөлгөн.

ИИМ кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча 11 кылмыш ишин иликтейт

Тажик тараптын расмий маморгандары жабыр тарткандардын так санын айты элек. Бирок Озоди радиосунун маалыматына караганда, жаңжалдан бери дегенде 16 тажикстандык каза таап, 90дан ашык адам жаракат алган.