ИИМ кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча 11 кылмыш ишин иликтейт

ИИМдин Тергөө кызматынын аймактык бөлүмдөрү кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги куралдуу кагылышууда катталган фактыларды иликтөөгө киришти. Бул тууралуу ИИМ кабарлады.

2-майга карата чек ара аймагындагы жаңжал боюнча бардыгы болуп 11 кылмыш иши КЖБРге катталды. 8 кылмыш ишин Баткен РИИБдин тергөө бөлүмү иликтеп жатат. Ал эми үч кылмыш иши Лейлек РИИБдин өндүрүшүндө.

ИИМдин маалыматына таянсак, иштин материалдары КЖБРге «Массалык башаламандык», «Тынчтыкка каршы кылмыш», «Ээнбаштык», «Бөтөн бирөөнүн мүлкүн жок кылуу жана кыйратуу», «Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү», «Адам өлтүрүү» беренелеринин белгилери боюнча катталды.

Мекемеден түшүндүрүшкөндөй Лейлек районундагы миномет менен аткылоонун натыйжасында окко учкан 12 жашар Мадина Рахматжанованын өлүмү дагы териштирилет.

Мындан тышкары, Баткен районунун Ак-Сай айылындагы «Головной» участкасындагы массалык киши өлтүрүү боюнча да териштирүү иштери башталган. Аталган жерде миномет менен аткылагандан кийин 25 жергиликтүү тургундун сөөгү табылган. (саны такталууда)

Ошондой эле, чек арадагы жолдордо автоунааларды аткылоо фактысы боюнча тергөө иштери жүрүп жатат — ал жерде карапайым тургундардын арасында курмандыктар бар.

ИИМден билдиришкендей, 2-майда ИИМдин Тергөө кызматынын 20 тажрыйбалуу тергөөчүсү «кылмыштардын сапаттуу тергелиши жана ИИБдин жергиликтүү тергөөчүлөрүнө жардам көрсөтүү үчүн» Баткен облусуна жөнөп кетишкен.

«Андан тышкары, ИИБдин маалыматтарды каттоо журналында ар кыл фактылар боюнча 48 билдирүү бар, алар кылмыш иштерине тиркелген [...] Азыркы тапта иликтөө жүрүп, келтирилген зыяндын өлчөмү такталып жатат», — деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

Кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак 28-апрелде башталган. Ошондо эки өлкөнүн 100-150 жараны бири бирине таш ыргытышкан. Кыргызстандын чек ара кызматы чырдын чыгышына Көк-Таш айылындагы *«Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында Тажикстандын жергиликтүү бийлиги тарабынан видео байкоочу камера орноткону себеп болгонун билдирген.

29-апрелде чар-чатак курчуп кеткен — чектеш аймактарда миномёт, пулемёт жана автоматтар колдонулган. Эки өлкөнүн чек арачылары бири-бирин жаңжалды баштады деп айыпташкан.

Эки өлкөнүн бийлиги бир нече жолу ок атууну токтотуу жана аскерлерди чыгарып кетүү тууралуу билдирүү жасап, бирок макулдашуу аткарылган эмес.

1-майда эки тараптын УКМК башчылары жетектеген өкмөттүк комиссиянын мамлекеттик чек араны делимитация жана деморкациялоо боюнча сүйлөшүүсү өткөн. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ок атышууну толугу менен токтотуу жана аскерлерди туруктуу жайгашкан ордуна алып кетүүнү макулдашкан. Ошондой эле, тараптар «максаттуу макулдашууга жетишкенин» жана төрт пункттан турган протоколго кол коюлганын айтышкан.

Бирок эки өлкөнүн УКМК башчылары протоколдун мазмунун ачык айтышкан эмес.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 2-майдын таңына карата 34 адам каза таап, 179 адам жаракат алган. Жаңжал чыккан аймактан 33 388 Кыргызстандын жараны эвакуацияланган, алардын ичинен 19 142си жаш балдар.

ӨКМдин маалыматына таянсак, Баткен облусундагы чек ара жаңжалында 78 турак үй жабыркаган. Ошондой эле, эки мектеп, бир акушердик-фельдшердик пункт, бир бала бакча, милициянын имараты, үч чек ара өткөрмө бөлүгү, он май куюучу жай жана сегиз дүкөн өрттөлгөн жана талкаланган.

Тажик тараптан дагы жабыр тарткандар бар. Озоди радиосунун маалыматына караганда, жаңжалдан бери дегенде 16 тажикстандык каза тапкан. Тажикстандын бийлиги чек ара тилкесиндеги кагылышууда жабыр тарткандар жана кыйраган имараттар тууралуу расмий билдирүү жасай элек.

Кыргызстанда 1-2-май аза күтүү күнү деп жарыяланган.

3-майга карата Баткен районундагы кыргыз-тажик чек арасына чукул жайгашкан айылдарда акыбал туруктуу. Бул тууралуу ИИМ кабарлашкан. 3-майга караган түнү ок атышуу жана башка окуялар катталган эмес.