Кара-Суунун тургуну Лейлекке жүк ташып баратканда каза болгону белгилүү болду

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуулардан Ош облусунун Кара-Суу районунун 24 жаштагы тургуну Азизбек Бактияров каза тапкан. Ал 29-апрель күнү Баткен облусунун Лейлек районуна жүк жеткирүүгө кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Окуя орун алган күнү Ош — Баткен — Исфана унаа жолу жабылып Бахтияров жарым жолдо калган. Жакындарына Баткен шаарында экенин кабарлаган. Бирок ошол бойдон байланышкан эмес.

«Кайра-кайра чалсам өчүк болгон, кыжаалат болуп, жеңил машина менен артынан бардым. Артынан барсам айткан жеринде машинасы турат, бирок өзү жок. Айдоочуулар аны кетти деп айтышты. Эртеси күнгө чейин табылбай, аны ӨКМдин балдары алып келип берди», — деди Азизбектин бир тууган агасы Тилек Бактияров.

Азизбек Бактияров үй-бүлөнүн кенжеси болгон. Ал оор жүк ташучуу унаа айдап, үй-бүлөсүн багып келген.

«Жаш баланын өмүрү ушинтип чек аранын айынан кыйылып калды. 24 жашка эми чыкмак. Үйлөнө элек болчу. Ок башынын арткы сөөгүнө тийип жарылган, колдоруна ок тийген», — деди маркумдун агасы Маматжан Сайдалиев.

Кыргыз-тажик чек арасында 28-апрелде башталган чырдын кесепетинен 184 киши жарадар болуп, 35 кыргыз жараны каза тапкан. Маркумдардын арасынан 25 киши «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына атылган миномёттон набыт болгон.

Тема боюнча: Баткен: Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуудан каза тапкандардын аты-жөнү