Президенттин кеңешчиси Сабировдун опузалоо иши: Жогорку сот өкүмдү жокко чыгарды

Президенттин кеңешчиси Равшанбек Сабировго карата буга чейинки соттун өкүмдөрү жокко чыгарылды. Бул тууралуу 4-майда Жогорку соттун басма-сөз кызматы билдирди. Сабиров 2013-жылы социалдык өнүктүрүү министри болуп турган учурунда бала асырап алуу үчүн лицензия берүүдө «пара опузалаган» деп айыпталган.

Соттун түшүндүрмөсүнө ылайык, токтом Сабировдун адвокатынын жаңы ачылган жагдайлар боюнча өтүнмөсү канааттандырылгандан кийин чыгарылган. Ага ылайык, 2013-жылкы өкүм жана Жогорку соттун ошол эле жылдагы токтому дагы жокко чыгарылган. Ал эми кылмыш иши жаңы кароого жөнөтүлгөн.

2020-жылы күзүндө Равшанбек Сабиров президент Садыр Жапаров түптөгөн «Мекенчил» партиясынын сап башында парламенттин жетинчи чакырылышына депутаттыкка ат салышкан. Октябрь окуясынан кийин ал «Жапаров-Новиковдун министрлер кабинетинде» вице-премьер-министрлик кызматты аркалай баштаган.

Сабировдун иши

Равшанбек Сабировго карата кылмыш иши 2012-жылы июлда козголгон. Ал убакта Сабиров социалдык өнүктүрүү министри болчу. 2013-жылы Бишкек шаардык соту аны мүлкүн конфискациялап, беш жылга эркинен ажыраткан. Бул ага карата Италиянын компаниясынан кыргыз балдарын асырап алууга лицензия берүү үчүн пара опузалаган деген айып тагылгандан кийин болгон.

Ошол эле жылы Жогорку сот Бишкек шаардык сотунун өкүмүн күчүндө калтырган. Бирок 2014-жылы сот Сабировду Адам укуктары боюнча декларациянын 65 жылдыгына карата мунапыс менен бошоткон.

Ал эми 2021-жылдын февралында Сабиров вице-премьер-министр, кийинчерээк президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп дайындалган.