Жапаров: Балдарга, аялдарга жасалган кылмыштардын жоопкерчилигин катаалдатууну тапшырдым

Кыз-келиндерге жасалган зомбулук. Иллюстрация: Алина Печенкина

Президент Садыр Жапаров акыркы учурларда калктын аярлуу катмарына — айрыкча аялдарга, балдарга ошондой эле менчикке кол салуу кылмыштары коомчулукта чоң резонанс жаратып жатканын айтты.

Жапаров 5-майда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында жаңы Конституцияга кол коюп, элге кайрылуу жасады.

«Мындай кылмыштар үчүн жоопкерчиликти катаалдаштыруу керек деп эсептейм. Ошондуктан мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү даярдоону тапшырдым. Ошону менен катар эле майда кылмыштуулукка байланыштуу мыйзамдарды гумандаштыруу боюнча ишти улантуубуз керек. Ал үчүн керектүү укуктук негиздер бар», — деди ал.

Мамлекет башчысы тергөөнүн жана соттун мындай кылмыштарды туура квалификациялоосуна жетишүү керектигин кошумчалады.

Аялдарга карата болгон зомбулук

Кыргызстанда акыркы кездери аялдарга карата болгон айрым зордук зомбулуктар коомдун пикирин бурду. Алардын арасында Айзада Канатбекованын өлтүрүлүшү, Бурулайдын окуясы бар. Ошондой эле, Чүйдүн Панфилов районунда мас абалындагы кишинин аялын өлтүрүүгө аракет кылганын да кошсок болот. Дал ушундай окуялардан кийин аялдардын коопсуздугу жана зомбулук маселеси парламентте дагы көтөрүлүп, жазаны катаалдатуу маселеси дагы талкууга түшкөн.

Буга чейин Сузакта аялынын колун байлап, мойнуна дөңгөлөк асып сабаган окуя катталган. Ал эми Ысык-Көлдө аялына атайлап бензин чачып өрттөсө, Кочкордо аялын атка сүйрөп өлтүргөн учурлар катталган.

Ошол эле учурда жубайына, түгөйүнө зомбулук көрсөткөндөр административдик гана жазага тартылып, аларга айып пул, эскертүү берилип же коомдук иштерге тартылат.

Өлкөдөгү аялдардын көпчүлүгү — 83 пайызы — бир жолу болсо да үй-бүлөдө психологиялык, физикалык жана сексуалдык зомбулукка кабылган. Бул жөнүндө Кризистик борборлор ассоциациясынын изилдөөсүндө айтылат.

ИИМдин статистикасына караганда, 2020-жылы 9025 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталып, анын ичинен 947 учур гана сотко жеткен.

Кылмыш иштери орточо эсеп менен катталган учурлардын алты пайызына гана козголот.

ТЕМА БОЮНЧА

«Аялдар адам эмеспи?» Депутаттар ИИМдин аракетин сынга алып, жазаны күчөтүүнү сунушташты

Айзаданы уурдоо. Милиция окуянын чоо-жайын айтып берди

Садыр Жапаров: Өнүккөн коомдо ала качууга такыр жол берилбеши керек