Айзаданы уурдоо. Милиция окуянын чоо-жайын айтып берди

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилиги 8-апрелде басма сөз жыйын куруп, 5-апрелде уурдалып, кийинчерээк киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын окуясынын чоо-жайын айтып берди. Жыйынга Бишкек ШИИББдин башчысы Бакыт Матмусаев, криминалдык милициянын жетекчиси Уланбек Айтбаев жана Бишкек ШИИББдин тергөө кызматынын башчысы Нурлан Утемисов катышты.

Жыйындын башында Бакыт Матмусаев бул кылмышка тиешелүү бардык шектүүлөр жазага тартылат деп ишендирди.

«Мен сөз берем, бардык кылмышкерлер мыйзам чегинде жазага тартылат. Ата катары менин да кабыргам кайышып турат. Баарыбызда кыз бар, баарыбызда карындаш бар. Мен ала качууну, адамды урдоону өтө оор кылмыш деп эсептеймин, мыйзамда да ошондой көрсөтүлгөн», — деди ал.

Кылмыштын хронологиясы

Криминалдык милициянын башчысы Уланбек Айтбаев 5-апрелде таңкы саат 7:30да ала качууга күбө болгон кыз милицияга чалганын билдирди. Кылмыш Бишкектин Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

«Күбө окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлерине үч белгисиз киши кызды кызыл түстөгү унаага отургузуп, белгисиз жерге алып кеткенин маалымдады. Ыкчам-тергөө иш-чаралардын алкагында ошол жерде жайгашкан кафелердин байкоочу камералары жана “Коопсуз шаардын” камералары изилденди. Анын натыйжасында унаанын номери аныкталган», — деди Айтбаев.

Камералар аркылуу унаа Бишкектин батыш жагындагы Ак-Өргө конушуна бет алганы аныкталган. Айтбаевдин айтымында, ошол замат ички иштер башкармалыктарына багыттама маалыматтар жиберилип, ыкчам-издөө топтору түзүлгөн.

Тергөөнүн алкагында кызыл түстөгү Honda Civic унаасынын ээси табылган — ал Жайыл районунун тургуну болуп чыкты. Бирок ал унааны 30 жаштагы жаранга ижарага берип жүргөнүн кабарлаган.

«Биз ал жаранды да таптык, бирок ал унааны анын агасы [Замирбек Теңизбаев] айдап жүргөнүн түшүндүрдү. Биз Теңизбаевдин номурун аныктап, ыкчам-издөө иштерин уланттык [...] Саат 16:00дөр чамаларында биз чалып, ал телефонун көтөргөңдө биз: “каяктасын, келгиле, биз милициядан болобуз” деп конкреттүү түрдө айттык. Бирок ал сүйлөшкөн жок. Ал бизге: “Мен бул кыз менен төрт айдан бери сүйлөшөм, биз үйлөнөлү деп жатканбыз, бизге тийишпегиле” деп, телефонун өчүрүп салды», — деди Айтбаев.

*Маркум Айзада Канатбекованын курбусу «Reporter.kg» басылмасына Теңизбаев анын жигити болбогонун кабарлады. Анын айтымында, Теңизбаев Айзаданы аңдып жүргөн. Айзада андан качып 6 ай контракт менен Түркияга иштегени кетмек.

Кийинчерээк милиционерлер кылмышка тийиштүү экинчи унаанын айдоочусун тапкан: ал дагы такси кызматында иштеп жүргөн. Айтбаевдин айтымында, маркум Теңизбаев жана шектүүлөрдүн бири таксиде иштеп, унаада жашап жүрүшкөн.

«Саат 19:00дөр чамаларында Айзаданын номуруна гудоктор кетип баштады, ал апасы менен сүйлөшкөндө: “Апа, кыжалат болбоңуз, мен жакында үйгө барам, мен аны менен өзүм чечишип алам” деген. Кийинчерээк биздин ыкчам кызматкерлер Айзада менен байланышканда: “бул биздин мамилелерибиз, сиздер кийгилишпегиле” деп телефонун өчүрүп салды», — деди Айтбаев.

Бирок Айзада Канатбекова үйүнө кайткан эмес. Анын жана Теңизбаевдин сөөгү эки күн өткөн соң Аламүдүн районундагы талаадан табылган. Алгач жергиликтүү тургун Honda Civic унаасын таап, анын ичинде аялдын жана эркектин сөөгүн көрүп, бул тууралуу милицияга кабарлаган.

Айзаданы ала качкан киши түрмөдө отуруп чыккан

Замирбек Теңизбаев

Замирбек Теңизбаевдин иниси агасы буга чейин Орусияда «Каракчылык» беренеси менен соттолуп, отуруп чыкканын милицияга кабарлаган. Мындан сырткары Теңизбаев Орусияда бир аял менен жарандык никеде жашап, эки балалуу болгон.

«Бул маалымат текшерилет, эл аралык сурам каттар жиберилет [...] Замирбек Теңизбаев 2017-жылы Кыргызстанга келген. Инисинин айтымында, ал Орусияда соттолуп 6,5 жыл отуруп чыккан, мурун үй-бүлөсү бар болчу. Эки баласы бар деп бизге маалымат берилген, бирок бул маалыматты текшерүү үчүн башка мамлекеттеги кесиптештерибиз менен байланышып жатабыз», — деди Айтбаев.

Айзада Теңизбаевдин футболкасы менен муунтулган

Бишкек ШИИББдин тергөө кызматынын жетекчиси Нурлан Утемисов Honda Civic унаасы табылганда анын эшиктери ичинен бекитилгенин билдирди. Утемисов унаа тыгылып калып, Теңизбаев аны чыгарууга аракет жасаган деп божомолдоду.

«Унаада канцелярдык бычак табылган, ал өзүн үч жолу сайган. Алардын бирөө күрөө тамырга жетип, ал көп кан жоготкон. Алдын ала маалыматтар боюнча Айзада шектүү Теңизбаевдин футболкасы менен муунтулган — азыр соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз», — деди Утемисов.

Тергөө кызматынын башчысы Утемисов шектүү Теңизбаев футболканы унаанын багажнигинен алганын божомолдоду — ал жерде анын кийимдери болгон. Ал эми унаанын арткы терезеси караңгылатылгандыктан унаада эки адамдын сөөгү болгонун көрүүгө кыйын болгон.

Утемисовдун 2020-жылы ала качуунун 92 фактысы катталып, алардын 75и кыскартылып кеткенин билдирди. Ал эми сегиз учур боюнча тергөө аяктап сотко жиберилген, дагы тогуш иш тергелүүдө.