Садыр Жапаров: Өнүккөн коомдо ала качууга такыр жол берилбеши керек

Президент Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров Айзада Канатбекованын уурдалышын «анын үй-бүлөсү үчүн гана эмес, жалпы мамлекет үчүн трагедия» деп атады. Жапаров Канатбекованын ишин жеке көзөмөлүнө ала тургандыгын билдирип, ала качууга катышкандар жазаланаарын белгиледи.

«Айзада Канатбекованы ала качып, ага ушунчалык ырайымсыз мамиле кылган кайгылуу окуя, тарыхта ала качуунун акыркысы болушу керек. Азыркы өнүккөн коомдо буга такыр жол берилбеши керек. Мындай кылмыш иштери үчүн баардыгы жазаланышы зарыл», — деп жазды Жапаров.

Мындан сырткары, өлкө башчы кыргызстандыктарды кыз ала качуу аракеттерине кайдыгер карабоого чакырды. Ал 2018-жылы болгон Бурулайдын окуясын эскерип, мындай окуя кайталанбашы керек болчу деп белгиледи.

2018-жылдын май айынын аягында Чүй облусунун Жайыл райондук милиция бөлүмүндө 19 жаштагы Бурулай Турдалы кызы киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Аны Марс Бөдөшөв мажбурлап ала качып кеткен. Бирок алар кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилгенден кийин ал кызды бычактап өлтүрүп, андан соң өз жанын кыюуга аракет кылган. Бирок Бөдөшөв кылмышын мойнуна алган эмес.

Буга чейин кыздын өлүмү боюнча премьер-министр Улукбек Марипов да пикирин билдирген. Ал кызды ала качуу менен никеге мажбурлап тургузуу — кылмыш деп белгилеген.

Мындан эки күн мурун Бишкек шаарынын Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз кишилер тарабынан Айзада Канатбекова уурдалып, кийинчерек анын сөөгү Аламүдүн районундагы талаадан табылган.

Аны уурдаган киши алгач Канатбекованы муунтуп, андан кийин өзүн өлтүргөн.

Бул окуя коомчулукта нааразычылык жаратып, Бишкек жана Ош шаарларында аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы митингдер өтүп жатат. Жарандык активисттер ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков менен Бишкек ШИИБдин башчысы Бакыт Матмусаевдин отставкага кетүүсүн талап кылып жатышат.