Саясатчы Жеңиш Молдокматов ИИМге суракка чакырылды

Жеңиш Молдокматов

Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовду суракка чакырды. Бул тууралуу Молдокматов фейсбукта билдирди.

Саясатчы жарыялаган чакыруу кагазында ал күбө катары чакырылганы көрсөтүлгөн, бирок Молдокматов кайсы иштин алкагында сурала турганы белгисиз. Сурак 6-майда саат 10:00гө белгиленген.

Буга чейин Молдокматов жана «Туран» партиясынын теңтөрагасы, активист Тилекмат Кудайбергенов (Күрөңов) президент Садыр Жапаровго видеокайрылуу жолдогон. Анда алар Көк-Таш айылында жайгашкан «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында окту биринчи тажик тарап чыгарганын «далилдеген» видеолорду тиркеген.

«Биз тиркеген видеодо тажик тарап, тажик аскерлери “Головнойго” кирип келип биздин жерибизде ок чыгарганы так, анык көрүнүп турат. Ушул боюнча биз расмий түрдө Башкы прокуратурага материалдарды беребиз жана бүгүн эл аралык [кылмыш] сотко кайрылып жаткан Клара Сооронкулова, Сания Токтогазиева, Таттыбүбү Эргешбаева жана башка юристтердин колуна тапшырып беребиз», — деди Молдокматов.

Ал ошондой эле, Баткен окуясын «тыкыр иликтөө керектигин» айтып, Кыргызстандын бийлиги Тажикстанды «агрессор» катары таануусу керектигин кошумчалады. Саясатчы андан сырткары өлкө башчыга «кантип жооптуу кызматтагы адамдарды бир күндө сыртка чыгарып салдыңыз?» деген суроо узаткан.

Мындан сырткары саясатчы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин жана ИИМдин башчысы Уланбек Ниязбековдун отставкасын талап кылды. Анын айтымында, Ташиев «Тажикстандан эч кандай чыгымдарды толтуруу боюнча суранбайбыз, өз күчүбүз менен салабыз» деген сөздөрү менен ыйгарым укуктарынан аша чаап кеткен.

«Бүгүн мамлекеттин бир гана адамы — бул президент гана мындай нерсени айта алат, же Камчыбек Ташиев президентпи? Же Ташиевге Жапаров уруксат берди беле? Эгерде уруксат бере турган болсо расмий берилген уруксат кагазын көрсөткүлө», — деди Молдокматов.

«Турандын» лидери Молдокматов Ташиевдин журналисттерге берген маегин дагы эске салды. Анда Ташиев «биз окуя болоорун билгенбиз жана буга даярдыктарды көргөнбүз» деген, бирок башка интервьюсунда «муну эч ким билген эмес» деп айткан.

«Бизде бул жерде чек ара заставабыз бар, ошол жерде ушул маселенин болуп кетишин биз мурда билгенбиз. Бизде маалыматтар болгон. Ошонун негизинде биз даярданганбыз. Биз да ар жерден ар түрдүү күчтөрдү алып келгенбиз, өзүбүздүкүлөрдү алып келдик. Бул жерде мына “Кулунду” заставасынын башчысы турат, азыр Кулундуда айтып берди: мурда канча адам, кийин канча адам болду. Ошого, Кудайга шүгүр, азбы көппү бул жерди сактап кала албасак дагы башка жакты сактап калганы аракет кылдык», — деп Ташиев 2-майда Максат айылында айткан.

Кийинчерээк Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин журналисти Зульфия Тургунова Ташиевге «Эмне себептен алдын ала маалыматтар болсо Германияга учуп кеттиңиз» деген суроо узаткан.

«Кагылышуу болот деп эч ким билген эмес жана аны билүү мүмкүн да эмес болчу. Бирок кайсы бир деңгээлде ушул чек арадагы абалдын курчуп жатканы бизге белгилүү болгон. Ошол боюнча биз тийиштүү чараларды көргөнбүз, анын кайсы бир деңгээлде пайдасы тийди деп эсептейбиз», — деп жооп берген УКМКнын төрагасы.

Анткен менен «Кулунду» чек ара заставасынын командири кол салуу боюнча эч кандай маалымат болбогонун билдирген.

Ал эми активист Тилекмат Кудайбергенов президент Жапаровго «же досуңузду тандаңыз же мамлекетти тандаңыз» деп кайрылды. Анын айтымында, Ташиевдин тажрыйбасы жетишсиз болгондуктан «бейкүнөө адамдар каза болду».

«Бүгүнкү күндө биздин жоокерлерибиздин көзүндө корку сезими жок, бирок алардын көзүндө бийликке болгон таарыныч бар. Сиз өлкө башчы катары бизге дем күч бере турган бир дагы сөз сүйлөй алган жоксуз. Кыргыз эли бүгүнкү күндөгүдөй эч качан үңкүрөп жашаган эмес. Бүгүнкү күндө мамлекеттин коопсуздугу кооптуу абалда, ошол себептен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди тезинен кызматтан алыңыз. Мындай жооптуу кызматты ээлеген адамдын ден соолугу чын болушу керек. Сиз бүгүнкү күнү күнөөнү үчүнчү тарапка шылтап жатасыз, чыныгы күнөөлүүлөр сиздин жаныңызда», — деген Кудайбергенов.

Активист Кудайбергенов жакында эле үй камагына чыгарылган. Ал 17-мартта «бийликти күч менен басып алууга жана массалык баш аламандыктарга ачык чакырыктар» делген шек менен Бишкектин №1-тергөө абагына киргизилген. Кудайбергенов буга чейин бийликти сындап, Конституциянын жаңы долбооруна каршы чыккан. Ошондой эле ал 2020-жылдын декабрында Жетим-Тоо кенин коргоо кыймылын түзүп, анын башында турган.

5-майда президент министрлер кабинетинин жаңы курамын бекитти. Анда УКМКнын башчысы болуп кайрадан Камчыбек Ташиевди дайындалды.