Молдокматов эркин ойлонуп, президентти сындаганы үчүн камалганы анык — Бекешев

Депутат Дастан Бекешев фейсбук барагында «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовдун кармалганы тууралуу оюн айтты. Саясатчы күн мурда 2020-жылдын 5-6-октябрь окуяларында «мамлекеттик имаратты басып алууга» шектелип кармалган.

Бекешев Молдокматовду эмне үчүн кармашты деген суроо салган. Анын айтымында, Молдокматов 2020-жылдын октябрындагы башаламандыктарда соттордон мени актагыла деп талап кылып, Ак үйдү басып алган эмес.

«Жеңиш Молдокматов аянтта болгон башка адамдардай эле шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган. Жеңишти оюн эркин айтып, президентке каршы оппозициялык сөздөрү жана чек аралар боюнча саясатка карата сыны үчүн камап коюшканы анык», — деп ойлойт депутат.

Бекешев телеграм каналында октябрь окуясы боюнча иш активисттерди жана сын айткандарды «кепке келтириш» үчүн ачылганын дагы кошумчалады.

Молдокматовду кармоо

«Туран» партиясынын лидери жана саясатчы Жеңиш Молдокматов 6-майда кармалган. Ошол эле күнү ал убактылуу кармоо изоляторуна (УКИ) киргизилген.

Саясатчынын адвокаты Кантемир Турдалиев анын кармалганын мыйзамсыз деп атады. Анын айтымында, алгач Молдокматов башка иш боюнча сурак берип жаткан, бирок көп өтпөй кармалган.

Молдокматов УКИге киргизилгенден кийин кат жаздган. Анда ал президент Садыр Жапаровдун аракеттерин сынга алган. Саясатчы ал кармалган күндө деле өлкөнүн абалы жакшырып кетпесин, «болгону бийликти сындаган адамдардын саны бир кишиге азайып калаарын» кошумчалаган.