Бийликтин иш-аракетин сынга алган саясатчы Жеңиш Молдокматов кармалды

Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы 6-майда «Туран» саясий партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовду кармады. Саясатчынын жактоочусу Кантемир Турдалиев Молдокматов 2020-жылдын 5-6-октябрындагы окуяларда «имаратты басып алууга» шектелип жатканын билдирди.

«Жеңиш Молдокматовго шектүү экени жөнүндө кабарлама бериле элек. Тергөөчү кармоо жөнүндө токтом гана чыгарды», — деди Турдалиев.

Ушул эле күнү Жеңиш Молдокматов ИИМдин тергөө кызматына күбө катары сурак берип чыккан. Молдокматовдун айтымында, ал эки иш боюнча чакырылган — 5-6-октябрдагы окуялар боюнча жана 9-октябрдагы массалык башаламандыктар иши боюнча.

«Октябрь окуясы боюнча козголгон иштин алкагында Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана ошого катышкан бардык тараптар суралышы керек. Бул иштин тергөөсүндө дагы катышышы керек. Мына ошондо адилеттүү тергөө болот деп айтабыз. Ал болмоюнча бул тергөө дагы, сотко өткөн иш дагы адилетсиз деп эсептейбиз», — деген Молдокматов кармалганга чейин кайрылуу жасап.

Саясатчы Жеңиш Молдокматов буга чейин президент Садыр Жапаров баш болгон бийликти сындап келген. Молдокматов Жапаров демилгелеген Баш мыйзамга каршы экенин билдирип «Ханституцияга каршы» борборун жетектеген. Ал жаңы Баш мыйзам кабыл алынса бийлик узурпацияланышы мүмкүн экенин айткан.

Ошондой эле саясатчы «Кемпир-Абад» суу сактагычынын жээгинен Өзбекстанга жер берүүгө каршы чыгып, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин иш-аракетин сынга алган.

Мындан сырткары Молдокматов Ташиев кыргыз-тажик чек арасында ок атууларды алдын алууга аракет кылган жок деп сындап, анын отставкасын талап кылган.

5-6-октябрдагы окуялар

2020-жылдын 5-октябрында болгон митинг

2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын өкүлдөрү анын эртеси күнү мөөнөтсүз митингге чыгышкан. Митинг массалык толкундоолорго айланып, митингчилердин бир тобу Ак үйдү басып алган.

Ошондой эле митингчилер абакта отурган бир катар саясатчыларды бошотушкан — алардын арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана учурдагы өлкө башчысы Садыр Жапаров да бар болгон. Ошол учурда күч органдарынын башчылары иш ордун таштап кетишкен, ал эми ошол кездеги өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков көзөмөлдү колунан чыгарган.

Ушундай кырдаалда ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асанов өзүн министрдин милдетин аткаруучусу, Алмамбет Шыкмаматов жана Сыймык Жапыкеев өздөрүн башкы прокурордун милдетин аткаруучу деп жарыялашкан. Ал эми ошол учурда Коопсуздук кеңештин катчысынын орун басары кызматын ээлеген Өмүрбек Суваналиев УКМКнын төрагасынын кабинетин ээлеп, өзүн күч органдарынын координатору катары деп жар салган.

Мындан сырткары абактан чыгарылган Садыр Жапаров митинчилер менен басылып алынган Ак үйгө кирип Жогорку Кеңтин жыйындар залында сөз сүйлөгөн. Ал ошондой эле акцияга чыккандардын суроолоруна жооп берип жатып «олигархтар жоопко тартылаарын» айткан.

Ал эми Жээнбековдун бийлиги кулап, Садыр Жапаров премьер-министр болуп бекитилгенден кийин ИИМ 5-6-октябрдагы окуяларды жана 9-октябрдагы окуяны иликтей баштаган. Бирок буга чейин «Жайды, имаратты же курулманы өзүм билемдик менен ээлеп алуу же басып алуу» беренеси менен бир гана Курсан Асановго иш козголгон. Ал 12-апрелде үй камагына чыгарылган. Ал эми жаңы бийликтин тушунда Шыкмаматов, Жапыкеев, Суваналиев чоң кызматтарга дайындалган.

Ала Тоо аянтындагы митинг — 9-октябрдагы окуя

Алмазбек Атамбаев жана Өмүрбек Бабанов 9-октябрдагы митингде

Бишкекте 9-октябрда абактан бошотулган Алмазбек Атамбаев менен экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапташтары митинг өткөрүшкөн. Алардын катарына уюшкан кылмыштуулукка каршы марштын катышуучулары келип кошулган.

Көп өтпөй Ала-Тоо аянтына өкмөт үйүнүн алдында чогулган Садыр Жапаровдун тарапташтары келген. Бул учурда митингчилерди көздөй таш ыргытылып, ыктымал Жапаровдун тарапташтары айрым демонстранттарга кол салышкан.

Кийинчерээк Өмүрбек Бабанов жана Өмүрбек Текебаев өкмөт митингчилерге кол салгандардын жарымы экс-президент Сооронбай Жээнбековдун тарапташтары болгонун билдиришкен.

Башаламандык учурунда жети адам жабыркаган — алардын арасында мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев жана экс-премьер Темир Сариевдин жансакчысы бар. Мындан сырткары экс-депутат Элвира Сурабалдиева митингчилердин кагылышуусунан кийин кетип баратканда аны Жапаровдун тарапташы чаап жиберүүгө үлгүргөн.

Ошондой эле Атамбаев менен мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун машиналарына белгисиз бирөөлөр ок чыгарган. Атамбаев бул кол салуу алдын ала уюштурулганын жана бул боюнча анда мурдатан маалымат болгонун айткан.

Анткен менен башаламандыкты уюштурууга тиешеси бар деп шектелип Алмазбек Атамбаев, анын эки жансакчысы — Дамир Мусакеев жана Канат Сагынбаев — ошондой эле мурдагы президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов жана «Социал-демократтар» партиясынын талапкери Темирлан Султанбеков кармалышкан. Кийинчерээк шектүүлөрдүн катарына Курсан Асанов да кошулган.

Ал эми бир катар саясатчылар 9-октябрдагы башаламандык боюнча күбө катары суралууда. Алардын арасында депутат Дастан Бекешев да бар. Ал эми Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев бул иш боюнча экс-президент Жээнбековдон да суралышы керектигин билдирген.