«Эки сутка бою сабашкан». Кыйноолорго каршы коалиция барымтага алынган кыргызстандыктар тууралуу

Кыргызстандагы кыйноолорго каршы коалиция Баткен облусундагы чек ара жаңжалында Тажикстандын аскерлери барымтага алган жарандар кабылган кордуктар тууралуу маалымат беришти.

Уюмдун маалыматына ылайык, кыргызстандыктарды Тажикстандын аскерлери колго түшүрүп, андан соң ур-токмокко алган. Барымтага алынгандарды Согди облусунун Гафуров районунун милиция кызматкерлери кыйноого алган — жабырлануучуларды алаага тээп, мылтыктын кундагы менен башка урушкан.

Уюмдун жактоочусу Равшан Абдуллаевдин айтымында — «Аларды эки сутка бою сабашкан. Акырында тажик тилинде алдын ала даярдалган документтерге кол коюуга мажбурлашкан. Барымтага түшкөндөрдүн бири тажик тилин түшүнгөн, ал жерде алар мамлекеттик чек араны бузгандыгы үчүн кармалган деп жазылган. Бирок чындыгында аларды өз үйлөрүнөн Тажикстандын аймагына алып кетишкен».

Ал барымтага алынгандардын көпчүлүгү өрттөлгөн үйлөрүн өчүрүү үчүн келгенин, бирок аларды тажик аскерлери колго түшүргөнүн кошумчалады. Коалициядан барымтага түшкөн он кишинин бешөөнүн улуту кыргыз, калган беш адам өзбектер болгонун билдирди.

Азыр жабыр тарткандарга карата аталган уюм Стамбул протоколун — кыйноолорду, катаал, мыкаачы же адамдын ар-намысын тебелеген мамилени жана жазалоону документтештирүү боюнча колдонмо — түзүп жатат.

Кыргызстандын жарандарына колдонулган кыйноолорду Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун эксперттери катташууда. Алар барымтага алынган адамдардын денесиндеги ур-токмоктун издерин белгилеп жатышат.

Жалал-Абаддагы «Адилет» укук коргоо уюмунун эксперти Бакыт Рысбеков жабыр тарткан адамдар кайгыга батып калганын жана ошол окуядан кийин ачылып сүйлөбөй жатышканын белгилеген.

«Биз түшүндүргөнгө аракет кылып жатабыз, анткени жабыр тарткандар өз эрки менен макул болгондо гана Стамбул протоколун толтуруу үчүн эксперттерди тартууга укуктуубуз», — деген Рысбеков.

Протоколду толтургандан кийин эксперттер документти БУУнун кыйноолордун алдын алуу комитетине өткөрөт. Мындай кадам менен укук коргоочулар барымтага түшкөн бардык жабырлануучулардын коопсуздугун камсыздоону пландашууда.

Кыргызстандыктар 30-апрелде барымтага алынгандыгы тууралуу билдирүүнү Баткен райондук ИИБ маалымдаган. Алгач тажик тарап бул айыптоолорду четке каккан, бирок кийинчерээк аны моюндашкан.

Барымтага алынган кыргызстандыктар 1-майда, саат 20:00 чамасында бошотулган. Алар дароо эле Лейлек районунун Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна медициналык кароодон өтүү үчүн жөнөтүлгөн. Тогуз адам ооруканага жаткырылган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал 28-апрелде Көк-Таш айылында жайгашкан «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында башталган. Анда тажик тарап мамычалардын биринде байкоочу камера орнотууга аракеттенген. Бирок кыргызстандыктар буга каршылык көрсөтүп эки тарап бири-бирине таш ыргыта баштаган.

Чыр куралдуу кагылышууга айланып, Кыргызстандан 189 киши жарадар болгон. Анын ичинен 36 кыргыз жараны каза тапкан. Набыт болгондордун арасында 12 жаштагы өспүрүм кыз жана 4 жашар наристе, ошондой эле, үч кыргызстандык аскер бар.

Эң көп жоготуулар Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында катталган — анда тажик тараптан атылган миномёттон 25 киши көз жумган.

Ок атууну биротоло токтотуу келишими 1-майда Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчылары жолугуп, эки тарап «максаттуу макулдашууга» жетишип, төрт пункттан турган протоколго кол койгондон кийин мүмкүн болгон.

Ал эми 3-майда эки тарап кошумча күчтөрдү жана каражаттарды мамлекеттик чек ара тилкесинен туруктуу жайгаштырылган жайларына чыгарып кетүүнү аягына чыгарышкан.

Кыргызстандын бийлиги каза тапкандардын үй-бүлөсүнө жана жарадар болгондорго төлөнүүчү кенемтенин суммасын аныктады. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, набыт болгондордун үй-булөсүнө бир миллион сом, жарадар болгондорго жаракатынын деңгээлине жараша 30 миңден 100 миң сомго чейин берилет.

Тажикстандын бийлиги каза болгондор жана жарадар болгондор тууралуу маалыматты 6-майда гана жарыялаган. Ага ылайык, куралдуу кагылышуунун натыйжасында 19 адам курман болуп, 87 тажикстандык жарадар болгон.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тажик аскерлердин аракеттерин «аскердик агрессия» катары баалап, 2-майга карата чек арадагы жаңжал боюнча 11 кылмыш иши козголгон.

Ал эми 10-майда Башкы прокуратура тажик тарап 10 кыргызстандыкты барымтага алган факты боюнча «Кыйноо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачылганын маалымдаган.