Президент Орусияда кармалган Мажитовдун уулу менен жолугушуп, атасынын маселесин чечүүнү убадалады

Сүрөт: Ассоль Молдокматованын фейсбук баракчасынан алынды

Президент Садыр Жапаров Баткен облусунун чек ара чектеш Көк-Таш айылда жашаган 12 жаштагы Адил Абдурахманов менен жолукту. Жапаров Абдурахмановго Орусияда кармалган атасы Эсен Мажитовдун маселесин толугу менен чечүүнү убада кылды.

*Мажитов — 2021-жылдын 18-апрелинде Орусиянын күч органдары тарабынан кармалган. Анткени өткөн жылдын 8-майында Баткен районунун Чек аймагы менен Тажикстандын Исфара районунун Кумазор айыл тургундарынын ортосунда чыккан чырга байланыштуу, тажик тарап ага «Массалык баш аламандыктарды уюштуруу» беренеси менен кылмыш ишин козгогону белгилүү болду.

Абдурахмановду коомдук ишмер Ассоль Молдокматова коштоп жүрдү. Анын айтымында, президент Мажитовдун маселесин ТИМ карап жатканын билдирген.

«Адил түнү бою уктабай толкунданып чыкты. Садыр Нургожоевич аны жылуу тосуп алып, Адилге аталык мээрим төгүп кучактады. Өлкө башчы Адилдин кыялын орундатуу үчүн футбол мектебине жайгаштырууга тапшырма берди жана ага топ белек кылды», — деп жазган Молдокматова.

Адилдин президентке кайрылуусу

Абдурахманов кыргыз-тажик чек арасында орун алган куралдуу жаңжалдан бир нече күн мурда видео аркылуу президент Садыр Жапаровго кайрылып, чек ара маселесин чечип берүүнү суранган. Кайрылууда ал Тажикстандын чек арасы анын үйүнөн эки метр аралыкта жайгашканын айтып, «бул жакта жашоо коркунучтуу болуп калды» деген.

Аталган кайрылуудан кийин Абдурахмановдун апасына президенттик администрациядан байланышып аны менен өлкө башчысы жолугушуу ниетинде экенин билдиришкен. 6-май күнү Абдурахманов президент менен жолугуу үчүн Бишкекке маршрутка менен келген.

«Супер ТВ» каналынын кабарчысына Абдурахманов маек куруп жатып, «максатым белгилүү болуу эмес эле, болгону Жапаров менен Ташиевден чек араны чечип, зым менен тосуп берүүнү сурануу» деген.

«Урматтуу Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев, менин чоң атамды дагы тажиктер өлтүрүп коюшкан. Эми атамды да [Эсен Мажитов — ред. ] кармап, камап турушат. Атамды Тажикстанга өткөрүп бербешиңиздерди суранам. Менден кичүү иним күндө атамды сагындым деп ыйлап жатат ... [ыйлап]», — деп кейиген Абдурахманов.

28-апрелде башталган чек арадагы куралдуу жаңжалда Абдурахманов үй-бүлөсү менен туугандарынын жана жакындарынын үйлөрүндө баш калкалап жүрүшкөн. Анын айтымында, жаңжал башталганын ал мектептен келе жатканда билген.

«Мен мектептен чыгып үйүмө жетейин деп калганда энемдерди үйдөн качып чыкканын көрдүм. Баарыбыз авамын үйүнө, андан кийин чоң атамдын үйүнө кеттик. Эртеси күнү атышуу башталып кетти. Чоң атамдын үйүнөн да качып чыгып, Бужумга келдик. Тажиктер ар тараптан кол салышты», — дейт Абдурахманов.

Мындан сырткары, ал атасы камалгандан кийин чек арага жакын жайгашкан үйүндө жашагысы келбей калганын айтат. «Күндө коркуп эле отурасың, уктабайсың дагы, эшикке чыккандан да коркосуң» деген ал.

Эсен Мажитовдун кармалышы

Өткөн жылдын 8-майында Баткен районунун Чек аймагы менен Тажикстандын Исфара районунун Кумазор айыл тургундарынын ортосунда чыр чыккан. Жаңжалга такталбаган жердин талашка түшкөнү себеп болгон. Кайым айтышуу таш ыргытууга айланып, кийинчерээк ок да атылган.

Чырдан улам Көк-Таш айылындагы чек арага чектеш жайгашкан Мажитовдордун беш бөлмөлүү үйү өрттөлгөн. Үй менен кошо үй-бүлө мүчөлөрүнүн документтери, кийим-кечеси, буюмдары жана чогултуп жүргөн акча каражаттары да өрттөнүп кеткен.

Мындан үч күн өткөндөн кийин Кыргызстандын Баткен облусунун жана Тажикстандын Согди облусунун өкүлчүлүктөрүнүн катышуусунда сүйлөшүү болуп өткөн. Анда талашка түшкөн жердин маселесин чечип алуу, такталбаган аймакта чыккан жаңжалдан улам өрттөнүп кеткен үйдүн чыгымдарын төлөп берүү маселеси каралган.

Кийинчерээк өкмөт үйдү күз айларына чейин бүтүрүү үчүн каражат бөлгөн. Мындан сырткары, баш паанексиз калган үй-бүлөгө боорукер адамдар жана бир катар коомдук уюмдар да акчалай жардам берип, Мажитовдор төрт айдын ичинде кайра үйлүү болушкан.

Үйдүн ээси Эсен Мажитов үстүбүздөгү жылдын 18-апрелинде Орусияга эмгек миграцияга жөнөп кеткен. Ошол эле күнү аэропорттон Орусиянын күч органдары тарабынан кармалган.

Мажитовдун жубайы Айзада Хамдамова «Клоопко» Тажикстандын Исфара шаарынын прокуратурасы Мажитовго козгогон кылмыш иши боюнча токтомдорду жолдогон. Анда «Мажитов Исфаранын тургунунун 0,60 гектар менчик чарба жерине өз алдынча жүгөрү эгип», «ал баштаган кишилер чек арадагы кырдаалды курчутуканы» жазылган.

Мындан улам өткөн жылдын 5-августунда Тажикстан Мажитовго «Массалык баш аламандыктарды уюштуруу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Мындай учурда 5-12 жылга чейин эркинен ажыратуу каралганы көрсөтүлгөн.

Кыргызстандын версиясы боюнча, такталбаган 5000 чарчы метр жерди иш жүзүндө кыргызстандыктар иштетип келген. Бирок тажик тарап ошол күнү жерди бошотуп берүүнү жана айдаган эгиндерди бузууну талап кылышкан — ал жерде кыргызстандыктардын 20-30 жылдык бак-дарактары да болгон.

Баткен ОИИБден билдиришкендей, өткөн жылы чек арада чыккан чырдан соң Кыргызстан да Тажикстандын бир нече жаранына карата кылмыш ишин козгоп, издөө жарыялаган.

Тема боюнча:

Чек арадагы чырдан улам өрттөнгөн үйдү кыргыз тарап калыбына келтирет

«Баары күйүп, күл болду». Кыргыз-тажик чек арасындагы чырда үйсүз калган Мажитовдордун окуясы

Чек ара чырында үйү өрттөнгөн Эсен Мажитов Орусиядан кармалды