«Региондун» мурдагы кызматкери Жалал-Абад мэриясынын басма сөз катчысы болду

Акниет Кенешов

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз катчысы болуп «Регион» телеканалынын мурдагы оператору Акниет Кеңешов дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэр Эрнисбек Ормоков 6-майда кол койду.

Буга чейин аталган кызматты Азамат Жээнбеков аркалап келген. Жээнбеков жазган арызынын негизинде кызматтан алынды. Бул тууралуу ал фейсбук баракчасына жазып, анын ордуна Кеңешов келгенин белгилеген.

«Клооптун» кабарчысы Кеңешовго байланышып, анын бул кызматты аркалоого тиешелүү билими бар-жогун сураганда, ал «ойлонуп көрүп жооп берерин» айтып «кайра чалып коём» деп убадалады.

Ал эми мэриянын кадрлар башкармалыгынын кызматкери Малика Мустапакулова Кеңешовдун Жалал-Абад шаардык мэриясынын Маалымат борборунун директору кызматына дайындалганын ырастады. Бирок Кеңешовдун билими тууралуу так маалымат бере алган жок. Муну Мустапакунова Кеңешовдун кадрлар бөлүмүнө тиешелүү документтерди толук алып келе электиги менен түшүндүрдү.

Акниет Кеңешов деген ким?

Акниет Кеңешов — 30 жашта. Ал буга чейин «7-канал» жана «Регион» телеканалдарында иштеген. Ошондой эле, Кеңешов Жалал-Абад облусунун Барпы айылында туулган. Ал эми Барпы айылы УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин да кичи мекени.

Кеңешов 25-апрелде Ташиевдин «Кемпир-Абад» суу сактагычы боюнча Өзгөн районунун тургундары менен жолугушуу учурун чагылдырып жүргөн. Жолугушуу учурунда ал Мирлан Ураимов аттуу тургун менен пикир келишпестиктен улам чырдаша кеткен. Чыр Ураимов мамлекеттик телеканалдар жана «Регион» телеканалы «элге калп маалымат жеткизип жатат» деген пикирин айткандан кийин чыккан.

«Бул жерде “дежур” каналдар жана башкалар турат. Булар тартпайт, элдин көйгөйүн укпайт. Булар азыр мактагандарды, кол чапкандарды тартат жана кечинде телеканалдардан көргөндө жыргап жатып каласыздар. “Аймак ТВ” дегени бар, орусчасын айтпай эле коёюн [Регион ТВ — редакция] бир укмуштуудай нерселерди айтат, көрсөңүздөр өзүңүздөр», — деген Ураимов.

Ал эми Кеңешов «7-канал» жана «Регион» телеканалдары «эч кандай дежур канал эмес» деп жооп кайтарган. Бирок жергиликтүүлөр Кеңешов сүйлөп атканда колунан микрофонду тартып алып, ага андан башка сөз беришкен эмес.

Журналист сахнадан кете баштаганда ондогон тургундар капыстан чуркап келип, «сени эч ким чакырган жок» деген сөздөрдү айтып, стадиондон кууп чыгарышкан. Жаңжал чыкканда милиция кызматкерлери журналистти курчап, кырдаалды турукташтырууга аракет кылышкан.

Кийинчерек Ош облусттук ичики иштер башкармалыгынан Ураимов менен Кеңешовдун ортосунда «сөз талашуудан улам чыр чыкканын» билдиришкен. Мындан сырткары, эки тараптын бир-бирине доосу жок болгондуктан алар коё берилгенин белгилешкен.

Андан кийин милиция Ураимов менен Кеңешовдун ортосундагы чырды иликтеп баштаганын кабарлаган жана иштин алкагында 30дай киши суракка алынарын билдиришкен. Аталган факты «Ээнбаштык» беренеси менен катталган. Бирок эки тараптан тең арыз түшкөн эмес.

Ошондой эле, Кеңешов шаардык кеңештерге болгон шайлоодо «Ата-Журт Кыргызстан» партиясын колдогон. Аталган партияны Ташиев менен байланыштырып келишет. Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев Жалал-Абад шаардык кеңешине ушул партия менен аттанып, депутаттык мандатты 7-майда алды.

Анткен менен Ташиев өзү «Ата-Журт Кыргызстанга» тиешеси жоктугун айтып келет. Бирок «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын төрагасы Айбек Маткеримов да Барпы айлынан болот. Маткеримов 2020-жылдын 4-октябрында өткөн параламенттик шайлоодо «Мекенчил» партиясынан талапкер болгон. Бул партияны Ташиев менен президент Садыр Жапаров негиздеген.

Ал эми «Регион» Юстиция министрлигинин базасында «АРТВ телерадиокомпаниясы» деп катталган — алгач анын башкы директору болуп «Мекенчилдин» мурдагы талапкери Рамиз Каимов көрсөтүлгөн болчу. Бүгүнкү күндө «Регионду» Эрали Маматов жетектейт.

«Региондун» башкы редактору Өткүрбек Рахманов журналист Адыл Акжол уулуга берген маегинде телеканал Ташиевге караштуу болгонун тастыктаган.