Ат-Башы району боюнча 30 медайымдын штаттык орду кыскартылды

Нарын облусунун Ат-Башы райондук ооруканасынан 10 медайым жумуштан бошотулуп, район боюнча жалпы 30 медайымдын штаттык орду кыскартылды.

Ат-Башы райондук ооруканасынын жетекчиси Илим Бейшеналиев «Клоопко» курган маегинде штаттарды кыскартууга буйрук үч жыл мурун эле чыкканын, бирок аны мурунку жетекчи аткарбай койгонун билдирди.

«Мындай буйрук 2019-жылы эле чыккан экен. 8-апрелде үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору жоюлуп, жалпы дарыгерлик практика борбору деп уюштурулду. Өлкө боюнча азыр дарыгерлер кыскартылып жатат. Биздин райондо медайымдар ашыкча экен. Жумуштан 65 жаштан өткөндөр кетти, өздөрү дагы быйыл кетебиз деп жатышкан», — деди Бейшеналиев.

Ал ошондой эле кызматкерлерди жумуштан алууга анын кызыкчылыгы жок экенин, болгону алар мамлекеттик мекеме болгондон кийин мыйзамга баш ийип, иш алып барарын кошумчалады.

Бейшеналиевдин айтымында, Ат-Башы району боюнча түрдүү профилдеги 20дан ашык адис жетишпейт. Алардын арасында онколог, психиатр, педиатр, кулак-мурун ооруларынын адиси, муун ооруларды даарылагандарга муктаждык аябай күч.

Ошондой эле, ал учурда район боюнча жалпы дарыгерлер практика борборунда 300 ашык кызматкер эмгектенип жатканын кошумчалады.

Улуттук статистика комитетинин 2019-жылдагы маалыматына ылайык, өлкө боюнча жалпы медицина кызматкерлеринин саны 49 миңден ашат. Алардын 14 миңден ашыгы жогорку квалификациялуу дарыгер болсо, 35миңге жакыны орто медициналык кызматкер. Алардын ичинен 25 миң 883ү мед айымдар.