Бишкекке Өзбекстандан 350 жаңы экоавтобус келет

Бишкек мэриясы «Эко Пассажирские Перевозки» фирмасы менен меморандумга кол койду. Бул компания 2021-жылдын аягына чейин Бишкекке Өзбекстанда чыгарылган япониянын ISUZU маркасындагы 350 даана экологиялык автобус алып келүүнү пландап жатат. Автобустар газ менен жүрөт.

Меморандумга шаардык транспорт бөлүмүнүн башчысы Эмил Ункуев жана «Эко Пассажирские Перевозки» ишканасынын жетекчиси Капар Усубаматов кол коюшкан. Унаанын баасы жана алуунун шарттары тууралуу маалымат келишим даяр болгондон соң кабарланат.

Борбор калаанын мэринин м.а. аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Бишкек шаарынын экологиясын жана таза абасын сактоо маанилүү экенин айтып, буга байланыштуу коомдук транспорттун экологиялык таза түрлөрүн алуу артыкчылыктуу экенин белгиледи.

Бийликтин пикири боюнча унаанын көптүгү жана жеке үйлөрдө көмүр жана таштанды жагылгандыктан аба булганып жатат.

«Эко Пассажирские Перевозки» ишканасы автобустардын санын көбөйтүүнү каалайт — анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген жүргүнчүлөргө ылайыкташтырылган 9,10, 12 метрлик автобустарга артыкчылык берилет.

Азыркы учурда шаардын транспорту мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жетиштүү деңгээлде ылайыкташкан эмес. Ал эми ыңгайы бар айрым транспорттордун атайын шаймандары колдонулбайт же иштебейт.

Бишкектин бийлиги коомдук транспортту өнүктүрүү тууралуу көп жолу убада берип, бирок каражат жок экенин айтып келет. Шаар ичинде болгону 13 автобустук, 11 троллейбустук маршруттар иштеп келген. Күн сайын 140 автобус жана 135 троллейбус ишке чыгат.

Автобус жана троллейбустардын жетишсиздигинен жүргүнчүлөрдүн көбүн маршрукттук таксилер ташыйт. Алардын тармагы 103 маршруттан турат, ал эми автопаркта эки миң автоунаадан турат.

Адамдар коомдук транспортко түшүшү үчүн автобус жана троллейбустардан турган кеңири маршруттук каттамдар тармагы болууга тийиш. Аларга чет өлкөдөгүдөй өзүнчө жол тилкеси салынууга тийиш — ошондо гана жеке унаага караганда коомдук транспорт менен жүрүү тезирээк болот.

Расмий маалымат боюнча шаарда 400 миңден ашуун транспорт катталган. Эгерде Бишкектин баардык жашоочуларын алсак, алардын саны Улуттук статкомдун маалыматы боюнча миллиондон ашат — демек ар бир экинчи адамдын автоунаасы бар.

Текст: Айгерим Турганбекова.