Дүйнөлүк банк Кыргызстандын электр тарифин жогорулатуу боюнча планын колдоду

Дүйнөлүк банктын вице-президенти Анна Бьерде 12-майда кыргыз журналисттери менен жолугуп, электр жарыгына болгон бааны жогорулатууга байланышкан маселелерди талкуулады.

«Биз электр энергиясына болгон тарифти кайра карап чыгуу боюнча пландар тууралуу маалыматты жакшы кабыл алдык», — деди ал.

Анын айтымында, тарифтерди энергосектордун чыгымдарын жабуу үчүн өзгөртүп жатышат. Мындан тышкары, Дүйнөлүк банк кыргыз бийлиги калктын аялуу катмары үчүн социалдык тарифтерди киргизүүнү убада кылганына кубанган. Анна Бьерде «энергиянын жаңыланма булактарын өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү жанданганы» тууралуу маалыматты да кубануу менен кабыл алган.

Бьерде Кыргызстандагы электрдин баасы «Европа аймагында жана Борбордук Азияда эң арзан» деп эсептейт, бирок Дүйнөлүк банк «тарифтик реформалар калктын жакыр катмарына жүк болушун» каалабайт.

Электр энергиясына болгон бааны жогорулатуу тууралуу апрелдин аягында президент Садыр Жапаров айтып чыккан.

«Күтүп тарифти өзгөртпөсөк эмдиги жылы Токтогул ГЭСинин иши токтойт. Эл электр энергиясы жок калат, анда “тезек термей, чырак жакмай” деген жашоого түшүп калабыз», — деп эскерткен Жапаров.

Кризистен чыгуу үчүн президент төмөнкүлөрдү сунуштайт:

  • аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн электрдин баасын 74 тыйынга түшүрүп, чектөөнү алып салуу;
  • алыскы жана тоолуу, катаал шартта жашаган аймактар үчүн электрдин баасын 1,04 сомго жогорулатып, чектөөнү алып салуу;
  • жашоо-турмушу «Кудайга шүгүр» үй-бүлөлөр үчүн электрдин баасын 1,48 сомдон жогорулатып, 1000 киловаттык чектөө коюу. Эгерде керектөөчүлөр коюлган лимиттен ашып кетсе, 1 киловаттын баасы 2,29 сомго көтөрүлөт.

Азыркы учурда жарандар керектөөнү 700 кВт/сааттан ашырышпаса, ар бир кВт/саат үчүн 77 тыйын төлөшөт. Тоолу аймактарда жашагандар үчүн бул чектөө 1000 кВт/с түзөт. Чектөөнү ашыргандан кийин 1 кВт/сааттын баасы — 2,16 тыйынды түзөт.

Садыр Жапаров 2020-жылдын ноябрь айында тариф саясатына байланыштуу кайрылуу жасап, 2021-жылдын жаз айларынан тартып бардык чектөөлөр алынып салынат деп айткан болчу.

«Чектөөлөрдү алып койсок, жарыкты үнөмдөп отургандар көмүрдү таштап туруп, жапырт электр кубатына өтүп кетет. Анда араң иштеп жаткан электр жабдыктары бузулуп, чубалгылар жарактан чыгат. 30 жыл чыдадыңар, эми бир кыш чыдап койгула. Кийинки жылдын май айынан баштап сөзсүз чектөөлөрдү алабыз», — деп билдирген Жапаров, Нарындын эли менен жолугушуу учурунда.

Кыргызстанда электр энергиясына байланыштуу көйгөйлөр буга чейин да айтылып келген. Өлкөнү бозгун президент Курманбек Бакиев башкарып жаткан кезде суунун деңгээли төмөн болгондуктан, өлкө жарандарынын үйлөрүндө электр энергиясы кезек-кезеги менен өчүрүлүп турган. Бул коомдун нааразылыгын жараткан.

Бакиев кулатылгандан кийин келген президенттер дагы электр тармагындагы көйгөйлөргө карабастан жарыкты маал-маалы менен өчүрүүгө жол беришпесин айтышкан.

Автору: Анис Набиев