«Кумтөрдүн» суракка чакырылган жетекчилери Кыргызстандан чыгып кетти

«Кумтөр Голд Компани» компаниясынын жетекчилери Кумтөр кенинде адам өмүрүн алган кырсыкка байланыштуу суракка чакырылды. Бул тууралуу «Клоопко» Ысык-Көл ОИИБдин маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

«Компаниянын жетекчилери буга чейинки кырсык боюнча күбө катары чакырылды. Бирок алар азыркы учурда Кыргызстанда жок экени тууралуу расмий кат келди. Анда жетекчилер чет мамлекетке кеткенине байланыштуу азырынча келе албасы жазылган», — деди ал.

Усубакуновдун айтымында, учурда компаниянын чет жакта жүргөн башчыларынан сурак алуунун жолдору каралып жатат.

Адам өмүрүн алган кырсыктар

2019-жылдын 1-декабрында «Кумтөрдөгү» бульдозердин айдоочусу Жолдош Жунушов менен тоо-кен бөлүмүнүн адиси Өмүрбек Ишенбеков Лысый мөңгүсү жактагы жер кыртышынын көчүшүнөн улам дайынсыз жоголуп кеткен. Кийинчерээк ӨКМ аларды издөө иштерин токтоткон.

Ал эми 2020-жылдын 15-февралында «Кумтөр Голд» ишканасында экскаватор айдап иштеген 25 жаштыгы Жеңиш Ибрагимакунов иш учурунда экскаватору менен кошо Петров көлүнө кулап чөгүп кеткен.

Бул фактылар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Тоо-кен, курулуш, жарылуу кооптуулугу бар же башка жумуштардын коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси менен катталган.

2021-жылдын 3-майында Ысык-Көл облустук прокуратурасы тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн сотко чейинки өндүрүш ишин Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматына жиберген.

«Кумтөр Гол Компани» ишканасын текшерүү боюнча депутаттык комиссиянын жетекчиси Акылбек Жапаровдун айтымында, кен иштеп баштагандан бери 19 адам каза тапкан, бирок акчалай кенемте төлөнгөндөн кийин иштер жабылган. Ал азыр айрым иштер кайрадан каралып баштаганын белгилеген.

Буга чейин жарандык активисттер Айбек Сарыбаев, Нарис Калчаев, Аблас Жээнбеков жана Кемелбек Кутманов аталган ишкананын үстүнөн сотко арыз жазышкан. Анда алар Кумтөр кенин иштетүүдө Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө кендин калдыктарын топтоо мыйзамсыз экендигин белгилеп, мамлекеттин пайдасына кенемте өндүрүп берүүнү суранышкан.

Анын негизинде Бишкек шаарындагы Октябрь райондук соту 7-майда «Кумтөр Голд Компани» алтын өндүрүүчү ишканасы мамлекеттин пайдасына 261,7 млд сом төлөп бериши керек деген чечим чыгарган.

Кумтөрдү сырттан башкарууга жол ачкан мыйзам

Парламенттин депутаттары 6-майда «Акционердик коомдор жөнүндөгү» мыйзамга жана Жазык кодексине түзөтүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алган.

Аталган мыйзам долбоор эгерде концессуондук келишимдин негизинде иштеген кен казуучу компаниялар тургундардын жашоосуна, ден соолугуна жана экологияга реалдуу коркунуч жаратып жатса, жана концессионер* коркунучту жоюу боюнча тийиштүү талаптарды аткарбай жатса өкмөткө коомдун административдик-чарбалык иш-аракетине аралашууга мүмкүнчүлүк берет. Башкача айтканда компания убактылуу сырттан башкарылат.

*Концессия — мамлекеттин менчигинде турган объектилерди инвестордун каражатынын эсебинен түзүү же реконструкциялоо жөнүндө келишимдин бир түрү. Ага ылайык, инвестор объектини иштетип, түшкөн кирешени өзүнө алат. Бирок белгилүү мөөнөттөн кийин кайтарып берет.

Концессиондук макулдашуу — мамлекеттик жана жеке өнөктөштүктүн формасы, эки тараптуу ыңгайлуу шартта жеке секторду мамлекеттик менчикти башкарууга аралаштыруу.

Мыйзам долбоорун депутаттар Акылбек Жапаров менен Бактыбек Турусбеков демилгелеген. Акылбек Жапаров Кыргызстанда бир гана ушундай компания бар экенин белгилеген жана сөз «Кумтөр Голд Компани» тууралуу болуп жатканын ырастаган.

Убактылуу сырткы башкаруучуну министрлер кабинетинин башчысы дайындайт, ал жеке же юридикалык тарап деле болушу мүмкүн. Сырткы башкаруучуга компаниянын аткаруу органынын ыйгарымдары берилет жана ал «тейлөөчү банктын юрисдикциясына карабастан» анын бардык банктык эсептерин башкара алат.

Centerra Gold эмне дейт?

Бул боюнча Канадалык Centerra Gold*** компаниясы парламентте кабыл алынган мыйзам долбооруна жооп катары 8-майда өзүнүн билдирүүсүн жарыялаган.

Ишкана жагдай менен тааныш экендигин түшүндүрүп жана ага «2009-жылы кайра каралып чыккан Кумтөр боюнча келишимди бузууга аракеттенген Кыргызстандагы башка мыйзам долбоорлору жана токтомдору дагы белгилүү» экенин айткан. Бирок ал мыйзам долбоорлору кайсыл стадияда экени компанияга белгисиз.

Билдирүүгө ылайык, стратегиялык келишим Centerra Gold жана «Кумтор Голд Компани» ишканасын учурдагы жөнгө салынбаган бардык дооматтардан бошотуу, анын ичинде мөңгүдө өндүрүш калдыктарын сактоодон улам айлана-чөйрөгө келтирилген чыгымдын ордун толтуруу каралган.

Буга чейин депутат Дастан Бекешев аталган мыйзам долбоору боюнча Твиттер баракчасына жазган. Анын айтымында, ушул мыйзамдын кабыл алынышынан улам Кыргызстан эл аралык деңгээлде «баскынчы» деп аталышы ыктымал.

«Капиталдын агымы башталаарын элестетип жатасыңарбы. Бул мыйзам долбоору бардык ири ишканаларга биздин мамлекеттен алысыраак туруу керектиги тууралуу белги берет», — деп жазган Бекешев.

Ал эми Эл аралык ишкерлер кеңеши (ЭИК) 7-майда парламентте ушул мыйзамдын кабыл алынышы боюнча билдирүү тараткан. Анда документ «белгилүү бир жагдайда өкмөткө белгилүү бир субъекттин ишмердүүлүгүн толугу менен көзөмөлдөөгө жол берет» деп белгиленген.

*** Кумтөр — Кыргызстандагы эң ири алтын кени, анын аянты 26,3 миң гектарды түзөт. Кенди 1992-жылдан бери канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы иштетип келет. Кыргызстан бул компаниянын 26% үлүшүнө ээлик кылат. Компаниянын айланасында болуп жаткан акыркы окуялардан улам алардын акциялары 30%га арзандап кеткен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ишканаларды сырттан башкарууга жол ачкан мыйзам долбооруна Кумтөрдүн кандай тиешеси бар?

«Кумтөр» мамлекетке 262 млд сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирилди