«Кумтөрдүн» дайынсыз жоголгон кызматкерлерин издөө иштери токтотулду

ӨКМ бульдозердин айдоочусу Жунушов менен тоо-кен бөлүмүнүн адиси Ишенбековду издөөнүн токтотту. «Кумтөрдүн» бул эки кызматкери 2019-жылы 1-декабрда Лысый мөңгүсү жактагы жер кыртышынын көчүшүнөн улам жоголгон. Издөө токтотулганын ӨКМдин басма сөз катчысы Элмира Шерипова тастыктады.

«Издөө иштери туугандарынын макулдугунан кийин токтотулган. Алардын макулдугу жок биз токтото алмак эмеспиз», — деди Шерипова.

1-декабрь күнү эртең менен Лысый суусунун жанындагы өрөөндө көчкү жүргөндөн кийин эвакуация башталган. Божомолго ылайык, кызматкерлердин бири кооптуу аймактан кесиптешин куткарууга аракет кылып, натыйжада экөө тең дайынсыз жоголуп кеткен.

«Кумтөр» издөө иштерин баштап, кийинчерээк өкмөт издөөгө ӨКМдин куткаруучулары кошулганын кабарлаган. Компаниядан Ишенбеков кызматтык унаасы менен кесиптеши Жунушевди эвакуациялоого аракет кылган болушу мүмкүндүгүн билдирген.

Кийинчерээк жоголуп кеткен кызматкерлерге таандык эки жолтандабас табылган.

Окуяга өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев да көңүл буруп, «бардык керектүү чараларды көрүүнү» тапшырган.

Бул окуядан кийин карьердеги өндүрүштүк процесс убактылуу токтотулган.