«Кумтөрдүн» дайынсыз болуп аткан жумушчуларынын жолтандабастары табылды

Сүрөт: Кумтөр\Турмуш

«Кумтөрдүн» дайынсыз болуп аткан жумушчуларынын жолтандабастары табылганы менен жоголгондор өздөрү табыла элек. Эки кызматкер 1-декабрь күнү таң эрте жүргөн көчкүдөн кийин жоголгон. Ошол эле күнү Лысый аймагында эвакуация башталганы маалымдалып, кызматкерлердин бири кооптуу аймактан кесиптешин куткарууга аракет кылып, натыйжада экөө тең дайынсыз жоголуп кеткен.

Көчкүдөн улам эвакуация башталганы тууралуу таңкы 5:43тө кабарланып, коопсуз аймакка эки жумушчудан тышкары, бардыгы кайтып келишкен. Коопсуз аймакка бульдозердин айдоочусу Ж. Жунушев жана тоо кен бөлүмүнүн адиси О. Ишенбеков келбей калган. Ошондой эле алар рациянын чакыруусуна жооп беришкен эмес.

Кумтөр издөө иштерин баштады, кийинчерээк өкмөт бул иштерге ӨКМдин куткаруучулары тартылганын билдирди. Компаниядан маалымдашкандай, Ишенбековдун кызматтык унаа менен кесиптеши Жунушевди эвакуация кылууга аракет көргөн болушу мүмкүн.

Дайынсыз болуп аткан жумушчуларды ӨКМдин 26 куткаруучусу, авариялык куткаруу командасынын 12 мүчөсү издеп жатат. Мындан тышкары, издөөгө иттер жана башка керектүү техникалар тартылган. Ошондой эле көчкүнүн себептери иликтене баштады. Окуяга өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев да көңүл буруп, «бардык керектүү чараларды көрүүнү» тапшырды.

Бул окуядан кийин карьердеги өндүрүштүк процесс убактылуу токтотулган.