Кара-Кулжа районунда бир нече айылды жана унаа жолдорун сел каптады

Кара-Кулжа районунда 11-май күнү сел жүрдү. Ак-Кыя, Сары-Булак жана Кара-Кочкор айылдарында тургундардын короолорун суу каптады. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин 8-майда болгон катуу жамгырдан кийин бул айылдардын жолдору менен арыктарын сел каптаган. Ошондой эле Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайку жолдорунун айрым жерлеринде дагы сел жүргөн.

Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери, куткаруучулар жана өрт өчүрүүчүлөр болуп 50 адам иштеп жатат. ӨКМдин берген маалыматы боюнча Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайку жолдору ачылган. Учурда жабыркаган айылдарды тазалоо иштери жүрүп жатат.

Авторлору: Ералиева Айжан, Набиев Анис