«Мошенниктер өтпөсүн». Бишкекте бир нече партиялар шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, митингге чыгышты

Жергиликтүү кеңештерди шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Бишкек шаардык кеңешине өтпөй калган бир нече партия өкүлдөрү 11-апрелде БШКнын имаратынын алдына митингге чыгышты. Чогулган 50гө чукул адам шаардык кеңешке шайлоо таза өткөн жок, көптөгөн добуш сатып алуу фактылары болду деп айтып чыгышты.

Нааразычылык акциясына «Социал-демократтар», «Кыргызстан комунисттер партиясы», «Улуу-Журт», «Кыргызстандын социалисттик партиясы», «Реформа», «Тынчтык» жана «Улутман» партиялары чыгышкан. Кийинчерээк аларга «Бүтүн Кыргызстандын» өкүлдөрү да кошулду.

«Социал-демократтардын» талапкери Темирлан Султанбеков добуш сатып алган партиялардын каттоосун жокко чыгарып, мандаттарды башка партияларга өткөрүп берүү керектигин айтты.

«Эл толкундоолордон, кайра шайлоодон, митингдерден тажады — мунун баары кереги жок. Мен бардык [өтпөй калган] партияларга сунуштадым: келгиле, азыр мыйзам бузуу фактыларынын баарын чогулталы. Шайлоону кайрадан өткөрүүнүн кажети жок, көрүп турасыңарго кайрадан эле добуш сатып алгандар өтүп жатышат. Мамлекет добуш сатып алган партияларга сабак берип, алардын каттоосун жокко чыгарышы керек», — деди Султанбеков.

Ал эми «коммунисттердин» өкүлү Ырысбек Тойбеков шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди. Тойбеков кайрадан шайлоо өткөрүп, добуш сатып алууга аралашкан партияларды четтетүүнү талап кылды.

Партиялардын өкүлдөрү 12-апрелде да митинг уланарын билдиришти.

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала жыйынтыктары боюнча, Бишкек шаардык кеңешине «Эмгек», «Ак Бата», «НДПК», «Ата Журт Кыргызстан», «Ынтымак» жана «Биздин эл» партиялары өтүшү мүмкүн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Шайлоо-2021. Шаардык кеңештерди шайлоонун жыйынтыгы — түз эфир