Боршайком НДПКны Бишкек шаардык кеңешке болгон шайлоодон четтетти

Борбордук шайлоо комиссиясы 23-апрелде болгон отурумунда Кыргызстан Элдик-Демократиялык партиясын (НДПК) Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоодон четтетүү боюнча чечим кабыл алды. Ага БШКнын 9 мүчөсү макул болуп, экөөсү каршы добуш берди.

НДПК Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине макул эместигин билдирип, сотко кайрыла турганын айтышты. Алар БШК кайсы бир тараптын кызыкчылыгын көздөп, алардын буйругун аткарып жатат деген пикирде.

Буга чейин Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы НДПКны шайлоодон четтетүү боюнча чечим кабыл алган. Буга атайын кызмат менен милициянын аталган партияны «добуш сатып алууга» айыптаган документтери негиз болгон.

Добуш сатып алуу аракети

11-апрелде Бишкектеги №1208 шайлоо участкасында «Клооптун» байкоочусу милиция НДПК партиясынын эки өкүлүн кармаганын кабарлаган. Алардын унаасынан акча жана үгүт материалдары табылган.

Ошол күнү Биринчи май РИИБине аталган участканын алдында белгисиз киши 1000 сомдон таратып жатат деген маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери Ravon үлгүсүндөгү унаанын ичинде отурган аял менен эркек кишини кармашкан.

«Унаада Ю.Б. аттуу аял отурган, ошондой эле тинтүү учурунда салондун арткы отургучунда күрөң түстөгү капчык болгон. Капчыкта 18 миң 790 сом, 202 АКШ доллары, 4 миң рубль, айдоочунун күбөлүгү жана Э.А. аттуу жаранга таандык паспорт табылган. Мындан сырткары, акча которуу жөнүндө эки дүмүрчөк, эки банктык карта жана Ж.Б.га тиешелүү бир банктык карта табылган», — деп берилет Бишкек ШИИБнин билдирүүсүндө.

Биринчи май РИИБи бул окуя боюнча «Шайлоочуларды сатып алуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала жыйынтыктары боюнча, Бишкек шаардык кеңешине «Эмгек», «Ак Бата», НДПК, «Ата-Журт Кыргызстан», «Ынтымак» жана «Биздин эл» партиялары өткөн.

ТЕМА БОЮНЧА

Жергиликтүү шайлоо: Бишкекте эки партиядан үч талапкер шайлоодон четтеди

Шайлоо-2021. Шаардык кеңештерди шайлоонун жыйынтыгы