БШК Токмоктогу шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү 3-майдагы отурумда Токмок шаардык кеңешин шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Мындай чечимди БШКнын 10 мүчөсү колдоду, экөө каршы добуш берди.

БШК мүчөлөрү мындай чечимди Боршайкомдун жумушчу тобу баяндама жасагандан кийин кабыл алган. Буга чейин ал БШКнын мүчөлөрүнө Токмок шаарындагы жети шайлоо участкасында добуштун жыйынтыгын жараксыз деп табууну сунуштаган: №7068, №7069, №7070, №7071, №7072, №7075 и №7081. Аталган участкаларда шайлоочуларды жапырт каттоого тургузуу манипуляциясына байланышкан бузуулар катталганы айтылган.

Жумушчу топ президент Садыр Жапаровго Токмок шаарында кайрадан шайлоо өткөрүү тууралуу кайрылууну сунуштады. Андан тышкары, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга себепчи болгон талапкерлерди кайрадан шайлоого катыштырбоо сунушу да айтылды.

Бул чечимди Боршайкомдун көпчүлүк мүчөлөрү колдоду.

Айылдык жана шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо Кыргызстанда 11-апрелде өткөн. БШКнын маалыматына караганда, Токмок шаардык кеңешин шайлоодо «Эмгек» партиясы көп добушка — 47,7% — ээ болуп, биринчи орунга чыккан жана депутаттык мандаттардын көпчүлүгүнө ээ болгон.

Алдын ала маалымат боюнча партия 31 депутаттык мандаттын 16сын алышы керек болчу.

Бирок, добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы жарыялангандан кийин, «Эл Биримдиги», «Ата-журт Кыргызстан», «Бирге» жана «Республика» партиялары «Эмгек» партиясы шайлоодо массалык мыйзам бузууларга барган деп айтып чыгышкан.

«Эмгек» партиясы айыпталып жаткан негизги мыйзам бузуу — бул «бир эле батирге» көптөгөн адамдарды жапырт каттоого тургузуу.