«Жапаровдун да жоопкерчилиги бар». Атамбаев жана Сариев Кумтөр боюнча айыптоолорго жооп берди

Сариев, Жапаров жана Атамбаев. Коллаж: Kloop

Кумтөр кенинин ишмердигин иликтеп жаткан мамлекеттик комиссиянын отурумунда анын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров мурдагы президент Аскар Акаев менен Алмазбек Атамбаевди «чыккынчылыкка» айыптады. Ал эми саясатчы Темир Сариев менен экс-премьер-министр Сапар Исаков казынага «438 млн доллар карыз» деп билдирди.

Жапаровдун айтымында, Centerra Gold буга чейин кыргызстандын беш алтын кенин, анын ичинде мурдагы президент Аскар Акаевдин жубайынын жээнине таандык Талды-Булак Левобережный кенин казуу үчүн лицензия алган. Депутат мындан улам Акаевдин үй-бүлөсү 55,6 млн пайда көргөн дейт.

Ошондой эле, ал 2011-жылы Centerra Gold Кыргызстанга бөлгөн демөөрчүлүк акча президенттик шайлоого коротулуп кетүү ыктымалдыгы изилденип жатканын жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаев шайлоо өнөктүгү үчүн «10 миллион доллар алган» деп билдирди.

«Комиссия аябай кызыктуу фактыны таап чыкты. 2011-2012-жылдары Centerra Gold демөөрчүлүк каражатты мыйзамдарды бузуу менен которгон. Ал борбордук казыналык системадан тыш колдонулган. 2011-жылы сентябрда Centerra компаниясы Жарандык турак жай куруу департаментинин эсебине РСК банкы аркылуу 10 миллион доллар которгон. Ага курула турган объектилердин тизмеси премьер-министр Алмазбек Атамбаев тарабынан 13-сентябрда бекитилген. Бул президенттик шайлоого чейин жана үгүт маалында болгон. Centerra Кыргызстандын саясий процессине одоно кийлигишкен, өлкө президентин шайлоого таасир эткен», — деди ал.

Мындан сырткары ал Кыргызстан «Кумтөр» компаниясынан улам зыянга учуруганы үчүн Темир Сариев жана Сапар Исаков 438 млн $ карыз деп билдирди.

Анын айтымында, Сариев ал кездеги Кумтөр боюнча комиссиянын төрагасы жана экономика министри болуп турганда Centerra Gold компаниясы 6 миллиард 698 миллион 900 миң сом доо коюп, бирок аны өндүрбөй койгон. Ал эми Сапар Исаков премьер-министр болуп турган учурда мүмкүн болгон жоготуулар 377,8 млн $ түзгөн.

«Жалпысынан, Кыргызстандын 2013-2020-жылдардагы жоготуулары 438 миллион долларды түздү. Бул сүйлөшүүлөр процессине катышкан жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келишимдерге кол койгон адамдардын эсебинен калыбына келтирилиши керек», — деди Жапаров.

«Далилсиз маалымат таратты»

Жапаровдун билдирүүсүнөн кийин Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев ага жооп кайтарды. Ал Жапаров жалаа жаап жатканын айтып, аны «бети жок» деп атады.

«Акылбек Жапаров деген отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн бир киши бар. Улам бир келген бийликтин короосун шыпырып, эптеп бизнесин жасап, оокатын өткөрүп келет. Бул киши учурда менин камакта жаткан атамды, экс-президент Алмазбек Атамбаевди "Кумтөргө" жабыштырып, курулай эле кара көө жаап, далилсиз маалымат таратты!» — деди ал.

Мындан сырткары ал, Жапаровго кайрылып, «биздин үйгө келип самоор кайнатып жүргөн күнүңүздү эсиңизден чыгарып койдуңузбу?» деп суроо салды.

«Акылбек Жапаров тээ илгери саясаттын босогосунда жүргөн кезинде Атамдын жумушуна чычкандай (серая мышка) болуп келип, эски костюм шымы менен, жумуш сурап, инимди бакчага чейин алпарып келчү эле байкуш болуп. Эй Акылбек Жапаров, жашыңыз деле келип калды, "крысадай" болгон иштериңизди токтотпойсузбу?! Ансыз деле жаштар сизди жек көрөт! [...] Уятыңыз жок экен! Эми түрмөдө отурган кишини тепкилеп, шыбап жатасыз! Кыскасы эркек эмес экенсиз!» — деп жазды ал.

«Жапаровдун өзүнүн жоопкерчилиги бар»

Ошондой эле Акылбек Жапаровдун билдирүүсүнө мурдагы экономика министри жана «Кумтөр» боюнча комиссияны 2012-жылы жетектеген саясатчы Темир Сариев да жооп берди. Ал Жапаровдун айткандарын четке кагып, «жүзүм жарык» деп билдирди.

Сариев фейсбук баракчасына видеокайрылуу жасап, өзү башкарып турган кездеги комиссиянын отчётун көрсөттү.

Анын айтымында, 27 кишиден турган комиссияны жетектеп берүүсүн андан ошол кезде премьер-министр болуп турган Өмүрбек Бабанов суранган. Комиссиянын ишинин жыйынтыгында 489 беттен турган отчёт жазылган. Ал «Кумтөр» боюнча 1992-жылы түзүлгөн биринчи келишимден баштап 2011-жылга чейинки бардык иштер боюнча маалыматтар жана анализдер камтылган дейт Сариев.

Саясатчы 1992-жылы Кыргызстан Cameco канадалык компаниясы менен 916 тонна алтын запасы бар «Кумтөр» ишканасын курушканын билдирди. Анын башкаруу системасынын үчтөн экиси Кыргызстанга, үчтөн бири болсо компанияга таандык болгон. Ал эми ошол жылдагы келишимге ылайык, 2007-жылы ишкананы башкаруу системасы толук Кыргызстанга өтмөк болгон.

Бирок 2003-жылы Cameco сүйлөшүү жүргүзүүнү сунуштаган. Кыргыз өкмөтүнүн сүйлөшүүчү топ түзүлүп, ага Жогорку Кеңештен Акылбек Жапаров өзү да кирген. Сариев дал ошол сүйлөшүүдөгү келишим «эң көп зыян келтирген» дейт — Кыргызстан экиден үч акциясынан айрылган.

«Ушулардын берген корутундусу менен өкмөт токтом кабыл алып биздин экиден үчтү үчтөн бирге алмашат. Бул мына бүгүн Жапаров өзү айтып кеткендей, ошондо кыянаттык кылышып үчтөн эки акциябыздан айрылганбыз. Отчётто биз жазып койгонбуз, эң зыян келтирген ушул келишим болгон. Бул жерде Акылбек Жапаровдун да жоопкерчилиги бар», — деди ал.

«Кумтөрдүн» айланасындагы жагдай

Бишкектин Октябрь райондук соту 7-майда алтын өндүргөн «Кумтөр Голд» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен. Төрт жаран Кумтөр кенин иштетүүдө Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө кендин калдыктарын топтоону мыйзамсыз деп таанууну талап кылып сотко кайрылган.

Сотко доо арыз менен кайрылган доогерлердин экөөсү адамды барымтага алуу иши боюнча айыпталуучу катары өтүшкөн — бул иште президент Садыр Жапаров дагы фигурант болгон.

Ал эми Centerra Gold доогерлердин талаптарын негизсиз деп атаган.

Компания Кыргызстандын өкмөтү 2017-жылы Айлана чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды илгерилетүү боюнча стратегиялык макулдашууга кол койгонун эскерткен. Ага ылайык, компания коюлган бардык дооматтардан, анын ичинде мөңгүлөргө чогулган калдыктардан улам айлана-чөйрөгө келтирген зыяндын ордун толтуруудан дагы бошотулган.

17-майда парламентте кезексиз жыйын өтөт, анда президент Садыр Жапаров дагы Кумтөргө байланышкан маселелер боюнча пикирин билдирет.

Кумтөр Кыргызстандагы эң ири алтын кени — анын аянты 26,3 миң гектарды түзөт. Кенди 1992-жылдан бери канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы иштетип келет. Кыргызстан бул компаниянын 26% үлүшүнө ээлик кылат.