Быйыл дагы акыркы коңгуроо онлайн өтөт

Кыргызстанда быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн 25-майга белгиленген акыркы коңгуроо онлайн форматта өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Министрлик республикадагы эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынганын эскертти.

Акыркы коңгуроого даярдалган чакан концерттик программа менен коштолгон видео куттуктоолор «ЭлТР» телеканалынын Билим жана илим каналынан көрсөтүлөт. Анда бүтүрүүчүлөрдү директорлор, класс жетекчилер жана мугалимдер куттукташат.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылы дагы акыркы коңгуроо онлайн форматта өткөрүлгөн.

Быйыл Кыргызстанда 61 546 окуучу мектепти аяктайт.