Экономика жана финансы министрлиги 17-майда «Убактылуу тышкы башкаруучуну дайындоонун тартибин бекитүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.
Токтом долбооруна ылайык, убактылуу тышкы башкаруучу тоо-кен казуучу компаниянын үзгүлтүксүз ишмердигин камсыздашы керек. Убактылуу тышкы башкаруу эгерде бул компаниянын жетекчилиги иштин таасир этүү аймактарында иштеген адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч туудурган экологиялык бузууларды жоюу үчүн чара көрбөй жатса киргизилет.
Ким убактылуу башкаруучу боло алат?
Тышкы башкаруучу министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун сунушу менен дайындалат. Бул кызматка жеке жана юридикалык жактар дагы дайындалышы мүмкүн.
Жеке жактын кыргыз жарандыгы, экономика, юридика же техникалык тармакта жогорку билимдүү, беш жылдан кем эмес жетекчилик кызматты аркалаган, жер казынасын пайдалануу тармагында тажрыйбасы бар болууга тийиш.
Ошондой эле юридикалык жактарга карата дагы критерийлер бар. Башкаруучу компания Кыргызстандын мыйзамына ылайык катталган, консультациялык жана консалтингдик кызматтар чөйрөсүндө иштеген жана кен пайдалуу чөйрөсүндө тажрыйбасы бар болушу керек.
Убактылуу башкаруучунун кандай ыйгарым укуктары бар?
«Убактылуу башкаруучуга коомдун аткаруучу органынын бардык ыйгарым укуктары берилет», — деп жазылган документте.
Ага ылайык, башкаруучу компаниянын бардык финансы булактарына ээлик кылат, компанияны кайра каттоодон өткөрүп, кайра уюштуруп, ал тургай ишмердүүлүгүн токтото алат.
Андан тышкары, ал эмгектик, бардык жарандык-укуктук, анын ичинде тышкы экономикалык бүтүмдөрдү түзө алат. Юридикалык жактын атынан ишеним катсыз иштейт жана жумушчуларга жана үчүнчү жактарга ишеним каттарды берүүгө укуктуу. Мамлекеттик органдарда, сот жана башка органдарда юридикалык жактын атынан чыгат.
Документке ылайык, башкаруучу компаниянын ишмердиги тууралуу баардык маалыматтарды тоскоолдуксуз алууга жана түздөн-түз ээ болууга укуктуу, ал бардык бухгалтердик китептерди, отчетторду же компаниянын ишине тиешелүү болгон башка документтерди талап кылууга жана өзүнүн тескөөсүнө ала алат.
Ошондой эле ал бардык чыгуучу документтеринде (каттарда, эсеп-фактураларда, келишимдик, финансылык документтерде ж.б.) компанияда тышкы башкаруу жол-жобосу киргизилгендиги жөнүндө маалыматтын бар экендигине көз салууга милдеттүү.
Ошол эле кезде «компаниянын уюштуруучулары, акционерлеры, жетекчилери жана кызматкерлери тышкы башкаруучуга анын функциялык милдеттерин аткарууга ар тараптуу көмөк көрсөтүшү керек».Тышкы башкаруучу төмөнкүдөй учурларда өз милдеттерин аткаруудан бошотулушу мүмкүн, эгерде:
- арыз берсе;
- тышкы башкаруучунун милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылуучу жагдайлар аныкталса же пайда болсо;
- ага карата кылмыш иши боюнча соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде.
«Тышкы башкаруучу тышкы башкаруу жол-жобосу аяктагандан кийин министрлер кабинетине өз ишинин жыйынтыктары жөнүндө корутунду отчётту берет», — деп белгиленген документте.
Кумтөрдүн айланасындагы акыркы окуялар
Парламентте 17-майда Кумтөр кенине жана алтын казуучу «Кумтөр Голд Компани» ишканасына байланышкан кезексиз жыйын өткөн. Анда 91 депутат «Кумтөргө» убактылуу тышкы башкаруучуну дайындоого макулдугун берген — бул маселени атайын комиссия добушка салган болчу.
Кумтөр — Ысык-Көл облусунда жайгашкан Борбор Азиядагы эң ири алтын кени. Аны канадалык Centerra Gold Inc тоо-кен иштетүүчү компаниясы Кыргызстанда түзүлгөн оператору «Кумтөр Голд Компани» аркылуу иштетип келет. «Кыргызалтын» Centerra Gold Inc ишканасынын акциясынын 26% ээлик кылат.
Буга чейин Жогорку Кеңеш дароо үч окууда «Акционердик коомдор жөнүндө» мыйзамга жана Кылмыш жаза кодексине өзгөрүүлөрдү кабыл алган.
Мыйзам долбоорун депутаттар Акылбек Жапаров жана Бактыбек Турусбеков демилгелешкен. Аны менен катар «Кумтөр» ишканасынын ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссиянын жетекчиси дагы — Акылбекбек Жапаров.
Бул мыйзам долбооруна ылайык, өкмөт жеке компанияга, эгерде ал иштин таасир этүү аймактарында адамдардын өмүрүнө коркунуч жаратып, экологиялык жана өнөр-жай коопсуздугунун ченемдерин бузса убактылуу башкаруу киргизе алат. Президент Садыр Жапаров бул мыйзам долбоору жактырылгандан кийин дээрлик дароо кол койгон.
Буга чейин Бишкектин Октябрь райондук соту 7-майда «Кумтөр Голд» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен. Буга төрт жаран Кумтөр кенин иштетүүдө Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө кендин калдыктарын топтоону мыйзамсыз деп таанууну талап кылып сотко кайрылганы негиз болгон.
Өз кезегинде Centerra Gold акционердик коому 16-майда Кыргызстандын өкмөтүн Арбитраждык сотко берерин билдирген.
Канаданын компаниясы сотто «Кумтөр Голд Компани» туундуу ишканасында кыргыз өкмөтүнүн тышкы башкаруучуну киргизүү аракетине жана аны жакында эле тагылган айыппул жана салык дооматтары боюнча куугунтуктоосуна тыюу салдырууну көздөйт. Centerra Gold Inc. муну Кыргызстандын өкмөтү Кумтөр боюнча инвестициялык келишимди бузууда деп эсептейт.
Ошондой эле Европанын реконструкция жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) мамлекеттин компанияны «жутуп алуусу» Кыргызстандын экономикасын калыбына келтирүүнү да, республиканын инвесторлор алдындагы беделин да түшүшүрүп коркунучка кептээрин билдирген.