«Инвесторлор алдындагы кадыр-баркы коркунучта». ЕРӨБдүн «Кумтөр» боюнча билдирүүсү

Европанын реконструкция жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын айланасындагы окуяларга байланыштуу билдирүү жасады. Ал компаниянын тагдырына тиешелүү — аны бүгүн парламенттин кезексиз жыйынынан кийин мамлекет «жутуп» алышы мүмкүн.

«Ушул сыяктуу кандай гана чечим болбосун, Кыргыз Республикасынын эл аралык өнөктөштөрдүн жана чет элдик инвесторлордун алдындагы милдеттерин так аткаруусунан күмөн санатат деп эсептейбиз. Бул өлкөнүн экономикасын калыбына келтирүүгө жана инвесторлордун иштеши үчүн коопсуз жай катары кадыр-баркына шек келтирет», — деп билдиришти ЕРӨБдөн.

Банк «өз акционерлери, башка эл аралык каржы институттары, чет өлкөлүк жана ата мекендик ишкерлер менен биргеликте маалымдуулукту жогорулатуу жана мындай аракеттердин терс таасирин азайтуу боюнча иш алып бараарын» белгилейт.

«ЕРӨБ Кыргыз Республикасынын бийлиги менен биргеликте инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча иш алып барууну көздөйт, ошондой эле адамдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртө турган инвестицияларды жасоону пландаштырууда», — деп жыйынтыкташкан финансылык уюмдан.

Кумтөр кенин иштетип жаткан Канадалык Centerra Gold алтын өндүрүүчү компаниясы Кыргызстандын өкмөтүнө каршы арбитраждык сотко кайрылды.

«Кумтөрдүн» айланасында эмне болуп жатат?

Кумтөр — Кумтөр — Ысык-Көл облусунда жайгашкан Борбор Азиядагы эң ири алтын кени, анын аянты 26,3 миң гектарды түзөт. Кенди 1992-жылдан бери канадалык Centerra Gold компаниясы башкарган «Кумтор Голд Компани» ишканасы иштетет. Кыргызстан бул компаниянын 26% үлүшүнө ээлик кылат. «Кумтөр» компаниясы — бюджет түзүүчү ишкана.

Үстүбүздөгү жылдын 7-майында Октябрь райондук соту мамлекеттин пайдасына «Кумтор Голд Компани» ишканасынан 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүүнү чечкен.

Анда төрт жаран Кумтөр кенин иштетүүдө Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө кендин калдыктарын топтоону мыйзамсыз деп таанууну талап кылып сотко кайрылган. Сотко доо арыз менен кайрылган доогерлердин экөөсү адамды барымтага алуу иши боюнча айыпталуучу катары өтүшкөн — бул иште президент Садыр Жапаров дагы фигурант болгон.

Ал эми 12-майда Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия ишинин алдын ала жыйынтыгын чыгарып, алтын казуучу компаниядан, буга чейин сот талап кылган каражаттарды эске алуу менен 459 млрд сом (4 млрд 252 млн доллар) өндүрүп алууну сунуштаган. Ошондой эле депутаттар дагы бир вариантты сунушташкан — «Кумтөр» менен өкмөттүн ортосундагы келишимдердин баарын жокко чыгаруу же ишканага убактылуу сырттан башкаруу киргизүү.

Буга чейин дал ошол парламенттин депутаттары бул үчүн негиз түптөшкөн — алар дароо үч окууда каалаган компанияга сырткы башкаруу киргизүүгө жол ача турган мыйзамды кабыл алышкан. Мыйзамга ылайык, эгерде компания кеңдерди коргоо талаптарын, мыйзамда бекитилген экологиялык жана өндүрүштүк коопсуздук нормаларын бузса, же иштин таасир этүүчү аймагында жашаган адамдардын өмүрүнө коркунуч туудурса, ошол эле маалда келтирилген зыянды жоюу боюнча эч кандай чара көрбөсө сырткы башкаруу киргизилет. Жапаров бул мыйзамга 14-майда кол койгон.

15-майда ЖМКларда укук коргоо органдары Кумтөр компаниясынын кеңселеринде тинтүү жүргүзүп жатканы айтылган. УКМК тергөө жүрүп жатат деген жүйөө менен, комментарий берүүдөн баш тарткан.

Мындай кадамдан кийин, канадалык ЖМКлар Centerra Gold компаниясынын 26% акциясына ээлик кылган Кыргызстандын «Кыргызалтын» ААКсы өзүнө тиешелүү 19% акциясын сатууга ниеттенип жатканын жазышкан.

BNN Bloomberg басылмасынын маалыматына ылайык «Кыргызалтын» бул тууралуу өзүнүн нормативдик документинде билдиргенден кийин Centerra Gold Inc. ишканасынын акциялары Торонто штатындагы биржада 6,5% пайыздан $8,4га чейин төмөндөгөн. Бирок Кыргызстанда болсо бул фейк жаңылык деп айтылган.

Бүгүн, 17-майда парламентте кезексиз жыйын өтүп жатат, ага президент Садыр Жапаровдун келиши күтүлүп жатат. Жыйындын темасы — Кумтөр кени жана «Кумтор Голд Компани» ишканасынын тагдыры. Буга чейин жыйындын темасы күн тартибине киргизилген эмес.