Жогорку Кеңеш «Кумтөр Голдго» сырттан башкаруу киргизүүнү жактырды

Кумтөр кени. Сүрөт: «Кумтөр Голд Компани»

Жогорку Кеңештин депутаттары 17-майдагы кезексиз отурумда «Кумтөр Голд Компани» ишканасына сырттан башкарууну киргизүү тууралуу токтомду колдоду. Сунушту каттоодон өткөн 114 депутаттын 91и колдоду.

Мындан сырткары депутаттар Кумтөр кенин иштеткен компаниянын ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссиянын мөөнөтүн үч айга узартууга да макулдугун берди.

Айрым депутаттар мамлекеттик комиссия сунуштаган токтомдо көптөгөн «техникалык каталар» бар болгонун билдиришти. Мисалы, депутат Дастан Жумабеков Кумтөр кенине барган Петров көлүнүн суусун «токтотуу» деген пунктка көңүл буруп, эгерде токтом ушул бойдон кабыл алынса анда «Петров көлүн колдоно албай каласыздар» деп айтты.

Жыйынга катышкан президенттин кеңешчиси Теңгиз Бөлтүрүк алар Петров көлүндөгү суунун пайдаланышын «азайтуу» каралганын айтып, ал пункт оңдоло турганын белгиледи. Ал эми мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров токтомду бир аптанын ичинде оңдоп чыгууга убада берди.

Эми «Кумтөр Голд Компани» ишканасын Министрлер кабинети дайындаган адам үч ай башкарат. Ал эми зарыл болгон учурда анын мөөнөтү дагы үч айга узартылышы мүмкүн. Мындай чечим алтын казуучу компаниянын жетекчилиги экологиялык зыянды жоюу боюнча чараларды көрбөй жатканынан улам кабыл алынды.

«Кумтөр Голд Компаниге» сырттан башкарууну киргизүүгө мүмкүнчүлүк берген мыйзам долбоору 6-майда Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылып, президент Садыр Жапаров 14-майда ага кол койгон.

*Аталган мыйзам долбоорунда «Акционердик коомдор жөнүндө» мыйзамга жана Жазык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.

Компаниянын убактылуу башкаруучусу акционердик коомдун каржылык жана административдик-чарбалык ишмердүүлүгүн башкарат. Ал эми акционердик коомдун расмий жетекчилери — директорлор кеңеши же акционерлердин жалпы чогулушу — убактылуу сырткы башкаруучунун ишмердүүлүгүнө кийгилише албайт.

Эгерде компаниянын жетекчилери сырткы башкаруучунун ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратса, алар Жазык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, 5 жылдан 7,5 жылга чейин эркинен ажырап калышы мүмкүн.

Буга чейин Бишкектин Октябрь райондук соту 7-майда «Кумтөр Голд» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен. Буга төрт жаран Кумтөр кенин иштетүүдө Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө кендин калдыктарын топтоону мыйзамсыз деп таанууну талап кылып сотко кайрылганы негиз болгон.

Ал эми депутат Акылбек Жапаров Centerra Gold акционердик коомунан 4,2 млрд доллардан ашык каражат өндүрүүнү сунуштаган. Анын ичинен 3 млрд 86 млн доллар экологиялык зыян үчүн, 1 млрд 166,5 млн доллар салык жана айып пулдар. Эгер ишкана бул акчаларды төлөй албаса, анда анын мүлктөрү — анын ичинде алтын кени Кыргызстанга өткөрүлөт.

Өз кезегинде Centerra Gold акционердик коому 16-майда Кыргызстандын өкмөтүн Арбитраждык сотко берерин билдирген. Ал эми Жапаров бийлик арбитраждык соттошууга даяр экенин билдирип, үч чет өлкөлүк юридикалык компания жалданганын кабарлады. Юристтерге 1,5 млн доллар керектелет.

ТЕМА БОЮНЧА:

4,2 млрд $ доо, келишимди бузуу. «Кумтөрдүн» ишин иликтеген мамкомиссиянын сунушу

Ишканаларды сырттан башкарууга жол ачкан мыйзам долбооруна Кумтөрдүн кандай тиешеси бар?