Ырчы Манижа «Евровидение» ыр сынагынын финалына чыкты

Орусиянын атынан «Евровидение» ыр сынагына катышкан ырчы Манижа конкурстун финалына чыкты. Жарым финалда 16 катышуучунун төртүнчүсү болуп Russian Woman ырын аткарган.

Финалга Манижадан башка дагы 9 мамлекеттин өкүлдөрү чыккан — Норвегия, Израиль, Азербайжан, Мальта, Литва, Кипр, Швеция, Бельгия жана Украина.

«Евровидение» ыр сынагы Нидерланддар мамлекетинин Роттердам шаарында өтүп жатат, конкурстун финалы 22-майда болот.

Манижа — тажик тектүү орус ырчысы. Конкурска Орусиянын атынан катышуу укугуна 8-мартта «Биринчи каналда» өткөн улуттук тандоодо ээ болгон. Түз эфирде жеңишке жетишкен ырчы Орусиянын намысын коргойт деген маалыматтан кийин интернетте ырчынын тек-жайына карата ксенофобдук пикирлер айтыла баштаган.

«Евровидениеге» бара турчулар тандалып жатканда Манижадан башка Therr Maitz тобу Future Is Bright ыры менен жана #2Маши тобу Bitter Words ыры менен катышкан.

2020-жылы «Евровидение» коронавируска байланыштуу өткөрүлгөн эмес. Ал жылы сынакта Орусиянын атынан Little Big тобу катышыш керек болчу. Бул жылы сынак оффлайн өткөнү менен көптөгөн чектөөлөр бар.

Манижа деген ким?

Манижа Сангин — көз карандысыз музыкант. Ал өзүнүн чыгармачылыгында элдин көйгөйлөрүн гана чагылдырбастан коомдук иш-чараларга дагы активдүү катышат. 2020-жылы декабрда БУУнун качкындар боюнча агенттигинин орусиядагы биринчи Ыктыярдуу элчиси болгон.

Ал 1991-жылы Дүйшөмбү шаарында төрөлгөн. Үч жылдан кийин Тажикстандагы жарандык согуштан улам анын үй-бүлөсү Москвага көчүп келген. Ырчы чыгармачылыгында качкындар менен мигранттар кандай кыйынчылыктарга кабылаарын айтат.

Ырчы ошондой эле, өзүндө орус менен тажик маданияты кантип аралашып калганы боюнча сезимдери менен бөлүшөт. Ал ички жана тышкы стереотиптер көп болгондуктан айлана-чөйрөсүндөгүлөргө тажикстандык экенин айтуудан уялып жүргөнүн айткан. Көп жылдардан кийин гана өзүн Орусиянын жараны катары сезген.

«Мигранттарга кандай кыйын экенин мен жакшы билем, бирок алар дагы иштеп, билим алып, өзүн сыйлашы керек, ошондо гана коом аларды кабыл алат», — деп эсептейт Манижа.

Ошондой эле ырчы феминизмдин жана бодипозитивдин жактоочусу. Ал Орусияда өткөн үй-бүлөлүк зомбулука каршы кампанияга активдүү катышкан.

Сангин 2019-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдар колдоно алган SILSILA мобилдик телефондорго ылайыкташкан колдонмону ишке киргизүүгө жардам берген. Ошондой эле ал көйгөйгө көңүл бурдуруу үчүн «Апа» деп аталган клип тарткан. Анда Орусиядагы үй-бүлөлүк зомбулуктан каза тапкан аялдардын статистикасын көрсөткөн.