20-майда коронавирустун жаңы 361 учуру катталды. Анын ичинде лаборатордук тастыкталганы — 266, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы — 95. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.
Аймактар боюнча көрсөткүч:
Бишкек шаарында — 193;
Чүй облусунда — 96;
Ысык-Көл облусунда — 28;
Ош шаарында — 5;
Жалал-Абад облусунда — 4;
Ош облусунда — 13;
Талас облусунда — 6;
Баткен облусунда — 3;
Нарын облусунда — 13.
Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 101 580ге жетти.
Ал эми акыркы суткада 320 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 177, Чүй облусунда — 85, Жалал-Абад облусунда — 8, Ош шаарында — 10, Нарын облусунда — 16, Ысык-Көл облусунда — 22, Талас жана Баткен облустарында — бирден бейтап сакайды.
Ушуну менен өлкө боюнча 94 803 киши оорудан айыкты. Ооруканаларда 1 567 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 432 киши оор, 78 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 2 461 киши дарыланып жатат.
Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 5 420.
Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында жана Чүй облусунда — экиден COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 1 729 киши көз жумду.
Ошондой эле, акыркы суткада 17 медицина кызматкери коронавируска чалдыкты. Бишкек шаарында жана Ыссык-Көл облусунда — алтыдан, Чүй обулусунда — төрт, Баткен облусунда — бир медиктен коронавирус катталды. Жалпысынан коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 4 575ке жетти, анын ичинен 4 509 медкызматкер илдеттен айыкты.