Бишкек милициясынын башчылыгына Азамат Ногойбаев бекитилди

ИИМдин башчысынын орун басары Октябрь Урмамбетов 20-майда Бишкек ШИИББдин жамаатына мекеменин жаңы жетекчисин тааныштырды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Бул кызматка шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын мурдагы жетекчиси чуулгандуу окуянын шартында кызматтан кеткенден кийин ведомство жетекчисинин милдетин аткарып жаткан милициянын полковниги Азамат Ногойбаев дайындалды.

Ногойбаевге чейин Бишкек ШИИББди Бакыт Матмусаев башкарган. Ал Айзада Канатбекова уурдалып, андан соң өлтүрүлгөнүнө байланыштуу кызматтык иликтөөдөн кийин кызматынан бошотулган.

Азамат Ногойбаев тууралуу маалымат аз. Ички иштер органдарында 20 жылдан ашык иштеген. Буга чейин Сокулук РИИБнин башчысы болгон.

Ал ИИМдин экс-башчысы, маркум генерал-лейтенант Болот Ногойбаевдин уулу экени айтылууда.

Айзаданын өлүмү

Айзада Канатбекова 5-апрелде таңкы саат 5те уурдалган. Окуя болгон жерде орнотулган видео камерадан автоунаанын номурун жана канча киши уурдагандыгын көрүүгө болот. Кыздын үй-бүлөсү уурдагандардын бирин тааный тургандыгын айтышкан — ал Айзадан мажбурлап никеге тургузуу үчүн мурда дагы ала качууга аракет кылган.

Айзада Канатбекованы ала качкан адам — Замирбек Теңизбаев — буга чейин бир нече жолу соттолгон. Маркум кыздын энеси милицияга кайрылып, ошондой эле достору жана жакындары ыктыярчылар менен бирге издөө иштерин башташкан. Алар Теңизбаевдин унаасын Сосновкадан көрүшкөнүн аныкташкан.

Эки күндөн кийин, 7-апрелде Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосундагы талаада мал жайып жүргөн чабан Канатбекова уурдалган «Хонда Цивик» автоунаасын байкаган. Чакыруу жерине келген милиция кызматкерлери унаанын ичинде киши колдуу болгон Айзаданы табышкан. Автоунаанын ичинде кызды уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү да болгон.

Кыздын киши колдуу болушу коомдо чуу жаратып, адамдар 8-апрелде нааразылык билдирүү үчүн Ички иштер министрлигинин алдына чогулушкан. 8-апрелде эртең менен милиция органдары кызды уурдоо жана өлтүрүү фактысы боюнча басма сөз жыйынын уюштурушкан. Анда Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилиги милиция көргөн чаралардын баары туура болгонун айтып, өз дарегине берилген сын-пикирлерди төгүндөгөн.

Нааразылык акциясынын катышуучулары өз учурунда, кыз тирүү кезинде чара көрбөгөн милиция кызматкерлеринин кайдыгерлиги үчүн Бишкек ШИИБнин башчысы менен Ички иштер министринин отставкасын талап кылышты. Матмусаев азыр отставкага кетпей турганын, жана кызды уурдагандарды издөө анын негизги милдети экенин айтты — ошол күнү кечинде адам уурдоого шектүүлөрдүн бардыгы колго түшкөн.

Депутаттар ИИМ жетекчиси Улан Ниязбековду парламент алдында иш боюнча отчёт берүүсүн талап кылышкан. Алар дагы министрдин отставкасын талап кылышты. Ниязбеков болсо ИИМ жоопкерчиликтен качпай турганын жана «моралдык» күнөөсүн сезип жатканын билдирген.

Мажбурлап никеге туруу үчүн кыз уурдоону министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов, парламент депутаттары, президент Садыр Жапаров, муфтийдин орун басары Кадыр Маликов, ошондой эле БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү ачык сынга алышкан.