Башкы прокуратура «Спутник V» вакцинасынын жарактан чыгышын териштире баштады

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы «Спутник V» вакцинасынын жарактан чыгышына байланышкан ишти Башкы прокуратура териштире баштаганын кабарлады.

Вакциналар апрель айында эле жараксыз болуп калган, бул окуя Бишкектин №2 поликлиникасында болгону маалымдалган. Препараттар салынган муздаткыч токтон суурулуп калгандыктан аларды эсептен чыгарып салууга туура келген. Вакциналар салынган муздаткыч эрип калганына ким күнөөлү экени так белгисиз.

Министр Бейшеналиев өзү токко сайылган шнурду тазалык кызматкери байкабай сууруп алышы мүмкүн деген оюн айткан, ал эми Имунопрафилактика борборундагылар кимдир бирөө телефонун кубаттайм деп вакцина салынган муздаткычты сууруп салган деген версияны айтышкан.

Бейшеналиевдин буйругу менен Бишкектин Ленин районунун Бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Нурлан Галбаев, №2 Үй-бүлөлүк медицина борборунун башчысы жана башкы дарыгери кызматтан бошотулган. Галбаев жумуштан кеткенден кийин анын ордуна Алтынкыз Аралбаева дайындалган.

Галбаев кызматтан бошотулганына нааразы болуп, сотко кайрыларын айткан. Ал вакциналардын эрип кетишине тиешеси жоктугун айтууда. Ал Бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун башчысы экенин, ал эми вакциналар сакталган муздаткыч өчүрүлгөн окуя №2 поликлиникада «адамдык фактордун кесепетинен» болгон деп эсептейт.

Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы №2 поликлиника жараксыз болуп калган вакциналардын ордун тургузуп бериши керек деп эсептейт. Эрип калган миңден ашык вакцинанын наркы 840 000 сомго бааланган.

Даярдаган Ералиева Айжан.